Талкуунун негизги темасы ЕАЭБге жана ЕЭКке мүчө мамлекеттер тарабынан иштелип чыккан ЕАЭБДин жалпы каржы рыногун түзүү концепциясынын долбоору болду.
Комитет ЕАЭБдин Бирдиктүү биржалык мейкиндикти түзүү программасын ишке ашыруу алкагында ЕЭКтин каржылык саясат департаменти тарабынан даярдалган ЕАЭБге мүчө-мамлекеттер ичиндеги биржаларда баалуу кагаздарды жайгаштыруу, аларды айлантуу тууралуу Макулдашууну талкуулады. Консултативдик комитеттин мүчөлөрү тарабынан Макулдашуунун негизги принциптери жактырылды.
Ошондой эле Евразиялык экономикалык биримдиктин аудитордук кызматтар боюнча бирдиктүү рыногун түзүүгө багытталган, ЕАЭБдин аймагындагы аудитордук иш жүргүзүү боюнча Макулдашуусу бар, мүчө-мамлекеттердин аймагында жайгашкан банктардын насыялык ресурстарын алуу үчүн Биримдиктин резиденттерине ыңгайлуу шарт түзүү, маалымат алмашуу боюнча маселелер каралды.