• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Москва конфликттин өз ара чечилүүсүн күтүүдө

sport-2

👁 1,224

Кыргыз-казак чек арасындагы абалга байланыштуу Бишкек Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кайрылмакчы.

Эске сала кетсек, Астана чек арадагы көзөмөл өткөрүү пункттарынан Кыргызстандын унааларынын өтүү мүмкүнчүлүгүн оорлоткон.

Бир нече чакырымдарга созулган кезек күтүлөр азайганы менен конфликт чечиле элек.Товар ташуучулар, анын ичинде тез бузулуучу азыктарды ташуучулар ЕАЭБдеги союздашы Казакстандын “блокадасына” туш болду. 3-ноябрда Ташкентте өткөн КМШ өлкөлөрүнүн саммитинде премьер-министр Сапар Исаков күн сайын кезек күтүп 500–600 жүк ташуучу унаа турганын айтты. Чек арадан өтүү үчүн айдоочулар 5 сутка күтүшүүдө.

Тынчтык, достук…же?

Астана ар түрдүү себептерди айтууда. Анын ичинде КР кыргыз-кытай чек арасы аркылуу келген товарлардын агымын көзөмөлдөбөй ЕАЭБдин нормаларын сактабай жатат деген кине дагы бар. Бишкек болсо бир эле адамдан көз каранды болгон ЕАЭБден чыгышы мүмкүн экенин билдирди. Бул билдирүү жөн жерден болгон жок. 7-октябрда Атамбаев казак лидеринин дарегине айткан сөздөр, башкача айтканда, ал өтө көп убакыттан бери өлкөнү башкарып жатат деп, анын жашы боюнча какшыктоо казак өлкө башчысын таарынтып, ошондон улам чек ара маселеси башталгандай.

Өз кезегинде бул Назарбаевдин 19-сентябрдагы Алма-Ата шаарында президенттик шайлоо алдында Өмүрбек Бабанов менен болгон жолугушуусуна кыргыз ажосу тарабынан берилген жооп болчу.

КРнын ТИМи Казакстанга каршылык нотасын жөнөткөн. Астана дароо жооп кайтарган. Ал эми 10-октябрда болсо “блокада” башталды. Шайлоону Жээнбеков утту жана көпчүлүк шайлоодон кийин абал жөнгө салынат деп ойлогон.

“Таарынычтар” жана “каалоолор”

Кандай болгон күндө да Казакстан чек арадагы бажы текшерүүсүн күчтөндүрдү. Бишкек болсо ЕАЭБдин экономикалык комиссиясына Казакстан ЕАЭБдин эрежелерин бузуп жатканын билдирип, бажы инфраструктурасына, лаобраторияларды курууга Казакстан тараптан бөлүнө турчу 100 000 доллар жардамдан баш тартты.

ЕАЭБдин алкагында кабыл алынган эрежелер бузулуп жатканы сокур кишиге деле көрүнүп турат. Башында Казакстан Кыргызстанды ЕАЭБге киргизе албай убара болгон, Кыргызстан болсо Казакстанды өнөктөш катары көрүп, ЕАЭБде боордоштор биздин таламды талашат деп ойлогон.

Орусия үн катпайт

Казакстанда конфликт катуу талкууга алынууда. Анын ичинде азык-түлүктүн кымбаттоосу дагы бар.

Айрым эксперттер белгилешкендей Атамбаевдин сөзү коңшу өлкөдө өтө чоң талкуу жаратып, айрымдар казак бийлиги тууралуу чындыкты айткан кыргыз чыкты деп дагы кубанышкан болчу.

Ал эми Орусияга келсек, ал унчукпай эле. Орусиянын прессасында “блокада” жана конфликт тууралуу азырынча эч нерсе жазыла элек.

Орусия болсо бул абалдан өзүнө дагы ЕАЭБге дагы таасир болбогодуктан унчукпай эле турган чагы. Орусиялык аткаминерлер бул конфликт локалдуу деп санашат. Бул жерде чындык бардай. Эки президент урушуп кетиптир, эми бул үчүн кайгырып эмне кереги бар деп жатышкан чыгар.

Ал эми эрежелер боюнча айта кетсек, ЕАЭБ түзүлгөндөн кийин кыргыз-казак чек арасы ачык болушу керек. Болбосо бирдиктүү бажы биримдигинин эмне кереги бар?

Чек араны ачууга тоскоол болуп жаткан Кытайдан келген контрафакт болуп жатыптыр.

ЕАЭБдин бардык мүчөлөрү 24-ноябрда жаңы президент келери менен көйгөй өзүнөн-өзү чечилет деп күтүшүүдө. Ал эми “блокададан” казак тарап көп жапа чегүүдө, себеби алар азык-түлүктү кымбат сатып алууга мажбур болушууда.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости