• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Монголиянын тажрыйбасы. “Жашыл экономиканы” Кыргызстанга киргизүүгө даярбызбы?

arstanbap-4

👁 739

ЖКнын төрагасынын алдындагы бизнести жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча катчылыгынын жетекчиси Умбриэль Темиралиев “Жашыл экономиканы каржылоо: Учурда Монголиянын ийгилигин кайталаса болобу” деп аталган тегерек стол учурунда өз пикирин билдирди.

“Принциптер социалдык жоопкерчиликти жана жаратылышты коргоо үчүн каржылоону өз ичине камтыйт. Он төрт монголиялык банктар чогулуп резолюция кабыл алышкан дагы, кардарлары курчап турган айланага зыян келтирбей элеби текшерип турушкан. Кышында Монголиядагылар маскаларды кийип жүрүшөт, себеби үйлөрүн көмүр менен жылытышат. Кыргызстандагыдай эле Монголияда дагы экономиканы өзгөртүүдө эффективдүү курал банк болуп саналат, себеби каржылоонун башка булактары жок. Жашыл каржылоо боюнча монгол фонду түзүлгөн жана акчалар чакан жана орто бизнеске бөлүнөт”,-деди ал.

Банктардын каржылоосу менен Монголия 328 млн доллар үнөмдөп калган. Мындан кийин банктар таштандыны иштетип чыгууга каражат бөлүүгө даяр.

Бул максаттуу пайдалануу үчүн абдан жакшы мисал жана банк тармагынын, өлкө экономикасынын өнүгүүсүнө жакшы жардам берет.

Банктар биримдигинин жетекчиси Анвар Абдраев банк тармагы жашыл экономика идеясына колдоо көрсөтүп, бул боюнча иш алпаргандар болсо каржыласа болорун билдирет. Бизде жашыл экономика боюнча иш алпаргандар бар. Бир ай мурун ЭКОНОМИКА ата мекендик экономисттердин Кыргызстанды 2025-жылга чейин туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын алкагында “жашыл экономиканы” киргизүү тууралуу сунушун жарыялаган болчу.
“Бишкектеги экологиялык абал начар. Коомчулук бул абалдан өзү чыгууга аракет кылып жатат. Ысык-Көл облусунда, тактап айтканда, Бостери, Комсомол айылдарында жана Чолпон-Ата шаарында абал өтө кооптуу. Кыргызстанда 8 каржы институту бар, 4 жылда 22 млн доллар өздөштүрүлдү, кезекте дагы 35 млн доллар бар – бул сандар өтө олуттуу. Жашыл экономика боюнча Монголиянын тажрыйбасын үйрөнүүбүз керек деп ойлойм”,-деди Абдраев.

Эгерде биздин банктар убакыттын жаңы чакырыгына жооп берип, аны колдоого даяр болсо бул абдан жакшы. Аны менен банктар Кыргызстандагы экономикалык маданиятты түзүүчүлөрдүн катарын толуктамак.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости