Бүгүн, 31-майда Жогорку Кеңештин “Ар кыл маселелер” саатында 24–25-майда жааган карда мал чыгымдарына кабылган фермерлердин маселеси көтөрүлдү.
Депутат Данияр Аттокуров 24–25-май күндөрүндө Ысык-Көл облусунун сырт жайлоолорунда жааган карда малчылар чоң чыгымга учурап, миңдеген малдар кырылгандыгын маалымдады. “Фермерлер Өкмөттөн жардам күтүп жатышат. Менчик мал болсо дагы кандайдыр бир көмөк көрсөтүү керек. Алар дагы өлкөнүн айыл чарбасына, экономикасына өз салымдарын кошуп келишкен. Андыктан, Өкмөттүн тиешелүү министрликтерин чакырып, кандай жардам көрсөтө алат, угуп койсок”,- дейт эл өкүлү.
Депутат Чыныбай Турсунбеков дагы 24–25-майдагы жаратылыш кырсыгы тоолуу Нарын облусунун жайлоолорундагы мал жандыктарын каптап өткөндүгүн ортого салды. Анын айтымында, миңдеген мал чыгымга учураган. Алардын бир тобу мал жандыктарын насыяга акча алып, сатып алышкан экен. Айрымдарынын акыркы малдары экен. “Мындай шартта аткаруу бийлиги кол кабыш кылбаса, анда алсыздыгын көрсөткөн болот”,- дейт Ч.Турсунбеков. Мындан сырткары, депутат Нарын районундагы Дөбөлү айылынын мектеби кооптуу абалга келгендигин, ыкчам чечим кабыл албаса, күзүндө окуучулар мектебине кирип окуй албай калышы мүмкүндүгүн кошумчалады.
КР Өкмөтү оптимизациялоо боюнча токтом кабыл алып, анын негизинде жер-жерлердеги мамлекеттик мекемелерде кыскартуу болуп жатат. Депутат Рыскелди Момбеков Талас облусунун Бакай-Ата районунун токой чарба кызматкерлери кыскартууга нааразычылыгын билдирип жаткандыгын айтты.
“Айылдардагы арзыбаган айлык алгандарды кыскартпай, бир министрге 10 кызматкер кызмат көрсөткөн министрликтердин борбордук аппаратынан кыскарткыла. Региондорду өнүктүрүү жылында региондорду өнүктүрбөй эле, оптимизация деп өлтүрмөй болдуңар”,- дейт депутат.
Депутат Улукбек Ормонов Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду Өнүктүрүү жылы боюнча Жарлыкка каршы чыккандай иштеп жатканына өз жүйөөлөрүн келтирди. Анын айтымында, бул фонддун түшүнүксүз шарттарынан улам жер-жерлердеги ишкерлер насыя ала албай жатышат. “Бул фонддун ишмердүүлүгүн Парламенттик угууда же Өкмөттүн жыйынында кароо зарыл”,- дейт У.Ормонов.