«Учурда аймак аралык кызматташууга өзгөчө көңүл бөлүү зарыл. Буга байланыштуу Борбор Азия өлкөлөрүнүн бизнес-коомчулугунун жана аймак башчыларынын ассоциациясын түзүүнү сунуштайм. Биз регион башчылары жана бизнес-коомчулугу менен түз диалог жүргүзгөн маалда жыйынтык чыгат. Биз аларга жардам бермек түгүл жолтоо болбогон маалда дагы натыйжа жакшы», – деди ал.
Мындан тышкары Мирзиёев жыл башынан бери Өзбекстандын аймактагы өлкөлөр менен товар жүгүртүүсү 20–70% жогорулаганын билдирди. Бул арада БУУнун эксперттеринин эсебинде, Борбор Азия өлкөлөрүндөгү эффективдүү кооперация аймактык ИДПны 10 жыл аралыгында кеминде эки эсеге көбөйтөт.
Демилге үчүн «5»! Ким Өзбекстандын президентин колдоп чыгат болду экен? Анткени кыргыз-казак чек арасындагы акыркы окуялар демилгечилер басым көрсөтүүнү каалашарын көрсөттү да.