Коңшу өлкөнүн президенти колдонууга сунуштаган өсүмдүктөрдүн бири каперстер.
Байыркы миң жылдыктын башында Абу Али ибн Сина бул өсүмдүктү тиш оорудан жана гемморойдон кутулуу үчүн колдонууну сунуштап келген. Бул өсүмдүктүн сабагын болсо астманы дарылоо жана ичтеги курттардан арылуу үчүн колдонсо болот.
Ш. Мирзиёев болсо муну айыл-чарба тармагын өнүктүрүү үчүн колдонууну сунуштады. Себеби аталган өлкөнүн айыл-чарбасы пахтадан көз каранды болуп келет.
Өзбек лидери каперстерди пахта начар чыккан жерлерге айдоону сунуштады. Ошондой эле каперстерди өстүргөн дыйкандардын башын бириктирип кесиптик ассоциация түзүү керектигин айтты.
Өзбекстандын президенти жоопкерчиликтүү адамдарга өсүмдүктүн бул түрүн өстүрүү механизмин иштеп чыгуу үчүн тапшырма берди.
Быйыл Наманган облусунда 3 миң гектар жерге каперс отургузулду. Ошондой эле Кашка-Дарыя, Самарканд, Джизак облустарында дагы каперсти өстүрүүгө ылайыктуу жерлер бар.
Кыргыз ишкерлери каперстерди өстүрүүнү экспорттук бизнеске айлантуу жолун карап жатышабы?
Каперстер жер тандабайт жана сууну көп талап кылбайт. Негизи каперстерди малдарга жем катары берип келишкен. Каперстерден жылына 4 жолу түшүм алса болот.
Жакында эле өзбек дыйкандары жана ишкерлери чет элдик рынокторго чыга башташты. Тактап айтсак, 2016-жылы Өзбекстандын консерваланган каперстерин Италияга жана Испанияга ташый башташкан. Кыргыз ишкерлери болсо азырынча ири партияларды жөнөттүк деп мактана алышпайт. Биздин ишкерлер консерваланган каперстерди чет жакка ташууга канчалык кызыкдар болот? Өндүрүш ачып, экспорттук өнүмдү чыгара алабызбы?
Азыр болсо Өзбекстандын Джизак облусунда эле жылына 2 миң тонна каперс чогултушат. 1 кг үчүн 1 доллар алышат. Ири сатып алуучу – Түркия. Алар өздөру келишип, анын килограммын 1–2 доллардан сатып алып кетишет. Каперстерге Италия жана кытай дагы кызып турган чагы. Жолун тапкан адамга бул өтө жакшы бизнес дешет эксперттер.
Бир гектар жерге 1500–1600 көчөт отургузуп, 1 бадалдан 6–8 килограмм каперс чогултса болот.
Расмий маалыматтарга ылайык, 2016-жылы Өзбекстан 818,5 миң тонна мөмө-жемиштерди экспорттогон. Негизинен абрикос, алча, кишмиш, жүзүм, буурчак, помидор, курма, шабдаалы экспорттолот. Максат – жер-жемиштерди экспорттоону жогорулатып, пахта талааларын азайтуу.
Ошондой эле түштүк аймактарга шафран өстүрүү пландалууда. Бул өсүмдүк үчүн 23 райондо 50 гектар жер бөлүнгөнү жатат. Шафран экспортко кетет жана жергиликтүү фармацевтикалык өндүрүшкө дагы жарактуу болот.
Ошондой эле айыл-чарба тармагындагы ири долбоорлордун бири алча бактарын көбөйтүү. Жыл сайын Өзбекстанда 100 миң тонна алча жыйналат, алардын 30%ы экспортко кетет. 2016-жылы андан түшкөн каражат 50 млн долларды түздү.
Биз коңшулар үчүн кубанычтабыз жана аларга ийгилик гана каалайбыз.