Транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов мыйзам долбоору өлкөнүн жол тармагын Евразия экономикалык бирлигинин талаптарына, анын ичинде Бажы Бирлигинин “Автомобиль жолдорунун коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентине шайкеш келтирүү максатында иштелип чыкканын билдирди.
Калилов Түндүк-Түштүк жолунун курулушуна дагы көңүл бурду. “1-фазада 65 пайыз иштер аткарылды, 2-фазада 40–45 пайыз. Бул фазалар боюнча каржылоо Кытайдын “Эксим банкы” аркылуу болууда”,-деди ал.
Тоннель тууралуу сөз кылып жатып министр пландан артта калып жатышканын, бирок тоннель иштерин бүтүрүү келерки жылдын акырында болорун белгиледи.