Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын директору Алмаз Бакетаев «IS: Казна.Бюджет» казыналыктын автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу бюджетти аткаруунун жаңы механизмдерин киргизүүнүн натыйжалуулугу тууралуу маалымат берди.
Олуттуу жаңы механизмдер казыналык системасына 2017-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген.
Атап айтканда, кассалык пландоо механизми, Бирдиктүү казыналык эсеп киргизилген. Мындан тышкары, мамлекеттик финансыларды башкаруунун маалыматтык системасында колдонуу үчүн бюджеттик мекемелердин бюджеттерин аткаруу боюнча операцияларды бухгалтердик эсепке алуу үчүн эсептердин бирдиктүү планы бекитилген.
2018-жылдан тартып казыналыктын автоматташтырылган системасында программалык форматта республикалык бюджетти аткарууну киргизүү боюнча иш-чаралардын жаңы этабы башталды.
Бакетаев белгилегендей, 2017-жылы 2018-жылга республикалык бюджетти түзүүдө бардык министрликтер жана ведомстволор мамлекеттик мекемелердин бюджетин классикалык жана программалык форматта беришкен. Азыркы убакта программалык бюджетти аткаруу процесси жүрүүдө.
Маалымат берип жатып Борбордук казыналыктын директору А.Бакетаев «IS: Казна Бюджет» автоматташтырылган маалыматтык системасы кантип иштээрин иш жүзүндө көрсөттү жана бул системанын натыйжалуу жактарын белгиледи.
Системанын интерфейси абдан жөнөкөй. Бул жерде «Пландоо» (сметалар, билдирме маалыматтар, кассалык план), «Аткаруу» (чыгаша операциялары), «Отчёттор» жана «Колдонуучулар үчүн эскертме» сыяктуу операциялар жайгаштырылган.
Казыналык системасын автоматташтыруу төлөмдөрдү ыкчам өткөрүүдө, салыктык түшүүлөрдү онлайн режимде көрүүдө, акчаларды жана убакытты үнөмдөөдө, ошондой эле кардарлар менен казыналыктын кызматкерлеринин ортосундагы алаканын жоктугунда өзүнүн натыйжалуулугун көрсөттү.
«Азыр бюджеттик мекеменин бухгалтери өзүнүн жылуу кабинетинде отуруп алып өзүнүн төлөм тапшырыктарын онлайн режимде тариздеп, белгилүү бир каналдар аркылуу аткарууга, башкача айтканда, казыналыктын регионалдык бөлүмүнө жөнөтөт. Ал жакта регионалдык куратор ошол өтүнмөлөрдүн бардыгын текшерип, аны түзүп чыгат да, андан соң Борбордук казыналыкка жиберет. Мурда ушул жол-жоболордун бардыгы кагаз жүзүндө болуп, көп убакытты алчу», – деп белгиледи ал.
Казына системасын автоматташтыруу отчёттук маалыматтарды даярдоодо да оң натыйжаларын берди. Азыр эч кыйынчылыксыз каалаган убакта отчёт түзүүгө болот, атап айтканда, мамлекеттик казынага канча акча түшкөнүн жана кайсы берене боюнча кандай чыгымдар жүргүзүлгөнүн онлайн режимде көрүп-билип алууга болот.