Порталда дем берүүчү гранттар боюнча долбоорлорду даярдоо процедуралары жазылып, долбоорлордун ишке ашуу этаптары белгиленет. Ошондой эле тармактар боюнча каржыланган объекттер тууралуу маалымат сунушталат.
Аталган портал 2017-жылдын ноябрында маалыматтык технологияларды пайдалануу жолу аркылуу дем берүүчү гранттар боюнча айкындуулукту камсыздоо максатында ишке кирген. Буга чейин бул портал бир жыл бою тесттик режимде иштеп келген.
Системаны түзүүнүн максаттары:
Өндүрүмсүз жана бири-бирин кайталоочу операцияларды, ошондой эле «кол менен аткарылуучу» операцияларды кыскартуу аркылуу процесстерди аткаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу;
Адам фактору катышкан каталардын санын кыскартуу;
Процесстин катышуучуларынын маалыматтык өз ара аракеттешүүсүн оптималдаштыруу;
Маалыматты чагылдыруу форматынын толуктугунун, аныктыгынын, ыңгайлуулугунун жана ыкчам берүүнүн эсебинен башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу сапатын жогорулатуу;
Маалыматка кирүү укугун башкаруу системасын пайдалануунун эсебинен процесстерди аткаруунун коопсуздугун жогорулатуу.