Быйыл 4 айыл өкмөтү өзүн өзү каржылай турган деңгээлге чыгышты, башкача айтканда 2017-жылга салыштырмалуу быйыл 453 айыл өкмөттөрүнүн ичинен 75 айыл өкмөттөрү өзүн өзү каржылай алат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын финансы министри Адылбек Касымалиев маалымат жыйынында билдирди.
Калган 378 айыл өкмөттөрү дотациялык бойдон калып, республикалык бюджеттен трансферттерди алууда. «2018-жылы 4 айыл өкмөтү өздүк каржылоого чыгышты. Калган айыл аймактары дотациялык бойдон калууда. Ошондой эле, республикадагы 31 шаардын ичинен 2 шаар дотацияда. 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялангандыгына байланыштуу, быйыл биздин милдет – аталган региондорду өзүн өзү каржылоого чыгарууга көмөк көрсөтүү. Ал үчүн биз региондордун киреше потенциалын жогорулатуу жагында иштейбиз», — деди финансы министри.
Финансы министри жергиликтүү бийликтин жер салыгын жогорулатууга укугу бар экендигин, аны көбөйтүү менен жер-жерлерде инфраструктураны жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзүлөөрүн белгиледи. Ошондой эле, ал жаңы ишканаларды ачуу менен жергиликтүү бюджеттердин кирешеси жогорулай тургандыгын кошумчалады.
Мындан тышкары Региондорду өнүктүрүү жылынын алкагында жакында жергиликтүү бюджеттердин долбоорлорун кароо боюнча жумушчу топ түзүлгөндүгүн, иштин жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттердин көлөмүн жогорулатуу боюнча конкреттүү сунуштар берилет.