Анын экспорттук жалпы көлөмү болжол менен 15% түзөт, жарык жана тигүү өндүрүшүнүн азыктары 11% жана техникалык өнүмдөрдүн экспорттук көлөмү 13% түзөөрүн КРнын Экономика министрлиги билдирди.
Экспортоочулардын өлкөгө тийгизген таасири
Өкмөт экспорттун өсүшүн жана мамлекеттик компаниялардын өнүгүүсүн колдойт. Натыйжада, бул бизге 1) эмгек акы жогорулатуу, келечекте коомдук иш менен камсыз кылуу 2) салыктын мамлекеттик бюджетине чыгаруу 3) Чет өлкөлүк валютасын тартуу, бул бизге стратегиялык товарларды сатып алууга мүмкүнчүлүк берет, мисалы: мунай жана газ 4) каржаттардын бюджетке келип түшүшүн көбөйтүү, ишканалардын санын бекемдөө ж.б.
Ошондой эле Кыргыз Өкмөтү тарабынан абдан жакшы колдоо иштери жүрүп жатат. Айыл чарбасы да кароосуз калган жок. Чарбакер субъекттеринин жана жеке адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында жардамдар берилүүдө. Өз убагында жазгы талаа иштерин жасоого, өнүмдөрдү кайра иштетүүгө жана айыл чарба кызматына 2013-жылдан баштап бүгүнкү күнө чейин «Айыл чарбасын каржылоо» долбоору бекитилип жатат.
“Кепилдик фонд” жардамга келет
Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө орус-кыргыз фонду жеңилдик насыялоо менен камсыз кылат (айыл чарба тармагын дагы), эгер ишкерлердин жетиштүү күрөөсү жок болсо, анда «Кепилдик фондуна» кайрылса болот. Аталаган фонд күрөө маселесин чечкенге жардам берет.
Айыл чарба өндүрүүчүлөрдү каржылык мамлекеттик колдоо:
-
- 12.2016 ж. «Айыл чарба каржылоо-4» долбоорун ишке ашыруу боюнча, 2016-жылдын 26-январында №25 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген;
- банктардан 4832,2 млн сом суммасында кредит берилген;
- 13246 мамлекеттин экономикалык субъектерине, андан сырткары күрөө менен 4802,2 млн сом, 12903 экономикалык субъектерге, күрөөсүз 30,3 млн сом 343 мамлекеттин экономикалык субъектерине берилген.
Алардан ичинен тармактар боюнча:
— Өсүмдүк — 528,7 млн сом;
–Мал чарбасы — 3778,3 млн сом;
- Кайра иштетүү — 525,5 млн сом.
Банктарды кошо алганда:
- «Айыл Банк» 1999,6 млн сом жалпы суммага;
- «РСК Банк» 1976,0 млн сом жалпы суммага;
- «КИКБ» 541,0 млн сом жалпы суммага;
- «Кыргызстан» 200,0 млн сом жалпы суммага;
- «Бакай Банк» 120,0 млн сом жалпы суммага.
Ал эми 06.07.2017 ж. «Айыл чарба каржылоо-5» долбоорун ишке ашыруу боюнча, 2017- жылдын 3-февралында №58 Кыргыз Республикасынын Өкмөттүн токтому менен бекитилген.
Банктардан 3455,9 млн сом суммасына насыя берилген, 8284 мамлекеттин экономикалык субъектерине, андан сырткары күрөө менен 3437,7 млн сом 8136 экономикалык субъектерге, күрөөсүз 18,2 млн сом 148 мамлекеттин экономикалык субъектерине тапшырылган.
Алардан ичинен тармактар боюнча:
— Өсүмдүк – 647,0 млн сом;
–Мал чарбасы – 2260,9 млн сом;
–Кайра иштетүү – 547,9 млн сом.
Банктарды кошо алганда:
— «Айыл Банк» 1355,5 млн сом жалпы суммага;
- «РСК Банк» 904,3 млн сом жалпы суммага;
- «КИКБ» 314,1 млн сом жалпы суммага;
- «Кыргызстан» 371,6 млн сом жалпы суммага;
- «Оптима Банк» 337,4 млн сом жалпы суммага;
- «Бакай Банк» 173,0 млн сом жалпы суммага.
Жалпы банктардан берилген – 8284 кредиттер, кошумча өсүмдүк өстүрүү – 1963 же 23,7%, мал чарбасы – 6173 же 74,5%, кайра иштетүү –148 же 1,8%.
Наргиза Өмүрбек кызы