Жөндөмдүүлүк болсо салык декларациясын өз убагында иштеп чыгууда билинет.
Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин отурумунда “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматты ээлегендер сөзсүз түрдө мүлкү, кирешеси, чыгашасы тууралуу декларация тапшыруусу керектиги” тууралуу мыйзам долбоору сунушталды.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси Искендер Матраимов “Салык кызматы тапшырыла турган декларацияны кабыл алууга даярбы?”- деген суроо берди.
Матраимов салыкчылар иштеп кетерине көзү жетерин, бүгүнкү күнү 17 000 мамлекеттик жана 9000 муниципалдык кызматкерлер кирешеси жана чыгымы тууралуу декларация тапшырарын белгиледи.
Чындыгында жөнөкөй жарандардын Салык кызматына карата декларация боюнча гана эмес, бирдиктүү терезе принциби боюнча бир топ суроолору бар.
Жакында эле мындай окуя болгон.
Бир компаниянын эсепчиси Салык кызматына барып, салыктык эмес төлөмдөрдүн отчетун берүү үчүн барган.
Мыйзамга ылайык, отчетторду тапшыруу мөөнөтү жазылбагандыктан аны бир жыл ичинде тапшырса болот.
Бирок бул жерден дагы салыкчылар (баары эмес, айрымдары) эч ким мыйзамдарды жана токтомдорду окубагандыктан эч негизсиз эле административдик айыппул жазып коюшат.
Эсепчи документтери менен бирдиктүү терезеге барат, ал жерден ага отчет берүү мөөнөтү өткөнүн айтышып, административдик айып пул салынарын билдиришет.
Маалымат үчүн.
Отчет бере турган салык төлөөчү айыппулдардан абдан коркушуп, айрымдарына туум жазылат деп ойлошот.
Жанагы эсепчи мыйзамдардын баарын окуп, өз укугун билчү. Ал айыппулду төлөөгө милдеттүү эмес экенин айтып, нааразы болгон. Салыкчы болсо отчётту такыр кабыл албай коёрун айтып чыккан.
Эсепчи административдик айыппул боюнча протокол түзүүнү талап кылганда, салыкчы макул болгон эмес.
Ал жөн жерден эле жок айыппулду төлөтүүнү каалаганы түшүнүктүү болгон.
Бул жерден дагы бир суроо туулат. Балким мыйзамдарды окубагандар, өзгөчө отчетту өзү тапшыруусу керек болгон ишкерлер айыппулдарды төлөп жүрүшкөндүр? Же балким алардын убактысы тар болгондуктан салыкчыга акча кармата салып ишин бүтүрүп жаткандыр?
Совет доорундагыдай эле кезек күтүү жана документтер менен кабаттар арасында чуркоо дагы деле бар. Адис болсо ордуна отуруп алып элди тигил жакка бар, бул адиске кайрыл деп турат. Бирок мунун баары бир жерде болгону жакшы. Бирок кезек маселесин чечүү керек.
Эми кайрадан айыппулга кайтуубуз керек. Ошол тааныш эсепчи салыкчынын: “Сиз жөн гана байке ушуну жасап берип коюңузчу,сураныч десеңиз болот беле”-дегенине жана начар мамилеге нааразы болгон.
Качантан бери салыктын эсебинен маяна алган мамлекеттик кызматкер ага кантип кайрылышты үйрөтүп калды эле?
Салык төлөөчү кызмат алуу үчүн келди, ага болсо сын айтып, кантип кайрылуу керектигин таңуулап жатышат.
Пардон, мамлекеттик казына үчүн кардарларды тартуу жана алардын ар биринин маанилүүлүгүчү?
Ал өз ордуна отуруп алып, салык төлөөчүнүн эсебинен маяна алып жатып, салык төлөөчү документти чогултуу боюнча бардык ишти аткарып жатканда ал ага кандай кайрылуу керектигин талап кылууга акысы барбы? Жана сурануу дагы зарылбы? Алардын жумушун аткарып берүүнү өтүнүү керекпи?
Чындыгында эле декларация тапшыруучулардын саны миллиондон ашык болсо Мамлекеттик салык кызматы эмне болот?
Анда жөнөкөй салык төлөөчүлөр аларга жалдырап, жалынышы керек болобу?
Калктын саны 6 миллиондон бир аз ашык, ал жеке ишкерлер үчүн миллион нерв клеткаларын жебейби деген суроо туулат.
Ширин Жумадилова