Ипотека рыногун өнүктүрүү жана калкты жеткиликтүү турак-жай менен камсыз кылуу үчүн МИК тарабынан максаттуу иштер жүргүзүлүүдө. Даяр үйлөрдү сатып алуу жана индивидуалдык үйлөрдү куруу үчүн каржылоо механизми ишке ашырылууда. Азыркы учурда рынок талап кылган жаңы үч продукцияны ишке ашыруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Биринчи долбоор – бул жарандардын турак-жай шарттарын жакшыртуу үчүн ипотеканын жардамы менен коммуналдык же жалпы типтеги өздүк бөлмөсүнөн турган толук кандуу батирди сатып алуусун камсыз кылуу. Экинчи долбоор– турак-жайды ижарага алуу менен кийин батирди сатып алуу. Үчүнчү долбоор – бул төлөм топтоо ипотекасы, мында жарандар ипотекалык насыя алууда алгачкы төлөмдөр үчүн каражаты жок жарандар, атайын эсептеги каражаттардын эсебинен ала алышат.
Жыйындын мүчөлөрү КРнын “Ипотекалык баалуу кагаздар тууралуу” мыйзамын талкуулашты.
Ал эми банкирлер болсо мыйзамдын күрөөлөрдү көз карандысыз баа берүүчү баалайт деген жерге кошумча киргизүү керектигин билдиришти. Алардын пикиринде, банктагы баа берүүчүлөр дагы алардын катарын толукташы керек. Бул МИК үчүн баалуу кагаздардын эмиссиясына кеткен чыгымды азайтмак.
Кыргыз Республикасынын “Ипотекалык турак жай насыялоо тууралуу” мыйзамы боюнча презентацияны МИКтин кызматкери Искендер Самыкбаев өткөрдү. 2017-жылдын 4-майында кабыл алынган бул мыйзамга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015−2020” программасынын негизги жоболору кирген деди баяндамачы. Бул мыйзам тарабынан жарандардын турак жайга ээ болуу укуктары жана турак жай ипотекалык насыялоо мамлекеттик бюджеттен каржылануу мүмкүнчүлүктөрү каралган.
Ошондой эле мамлекеттик ипотеканы камсыздандырууга Мамлекеттик камсыздандыруу коомун дагы тартуу зарылчылыгы бар.
Жыйынтыгында банк өкүлдөрү МИКтин кызматкерлерине кызматташтык үчүн ыраазычылык билдиришти. “Тобокелчиликтер азайган жок, иштөө оор болууда, бирок мында нары дагы кызматташууга даярбыз. Көптөгөн адамдар үйлүү болушу керек”,-дешти банкирлер.