Болжол менен Кыргызстанда жарым миллион микрокредиттик компаниялар бар. Бїгїнкї кїндє биздин єлкєдє болжолдуу тїрдє 1,3 млн їй-бїлє кредит тєлєйт. Бул ар бир экинчи їй-бїлє микрокредиттик компаниянын кызматын колдонот дегенди билдирет.
“Финканын” баш кеўсеси Вишингтондо жайгашкан. “Компаньондун” негизги ээси жана акционери америкалык уюм. Ал эми “Бай Тїшїм” америкалык жана швейцариялык бей єкмєт уюмдар долбоорун реализациялоонун жыйынтыгында пайда болгон. “Оксус” компаниясы болсо франциялык бей єкмєт уюмдары боюнча долбоордун базасында тїзїлгєн.
Эгер микрокредит берїїчї уюмдарга жергиликтїї акционерлер пайда болсо да, каражаттын негизги массасы аталган уюмдарга, тактап айтканда чет элге кетет. Биздин єлкєдє берилген кичи кредиттердин жалпы кєлємї болжол менен 500 миллион долларды тїзєт. Кичи кредиттердин негизги бєлїгї чет жерден келгендиктен, кєзємєлдїк кылуу да алардын иши.
Эгер чет элдик уюмдар, кредит берїїчїлєр Кыргызстандагы кредит берїїнїн шарттарын єзгєртсє, ал нерсе биздин єлкєгє дээрлик бардык жагынан, башкача айтканда экономикалык, саясий таасирин тийгизет. Бул нерсени биздин саясатчылар канчалык деўгээлде тїшїнєт болду экен?
Кредит берїїдє башкы баага кєзємєл кылуу боюнча 2013-жылы мыйзам иштелип чыккан. Бирок анда кєўїл бура турган жагдайлар дагы бар. Аталган мыйзам кредит тєлєєдє пайыздык баасын гана чектей алат. Бирок кредит берїїдє анын єлчємїнє кийлигише албайт. Андан сырткары пайызга пайыз кошуу, катталган суммага айып пул салуу жагына да кийлигише албайт. Пайыздын факты тїрїндєгї баасы мыйзам чыкканга чейин иштелип чыккандыктан, учурда бир кєрсєткїчтє эмес.
Єнїккєн єлкєлєрдє пайыздын баасы атайын факты менен такталган. Эгер сиз Англиядан, банктан же компаниядан болобу айырмасы жок, кредит ала турган болсоўуз, кредиттин пайызын эмес, факт тїрїндєгї баасын эсептеп берїїгє банк милдеттїї. Себеби, экєєнїн ортосунда чоў айырма бар. Ал жакта мыйзам боюнча банк кредитти сиз алганга чейинки негизги суммасын айтышы керек. Эгер банк антип эсептеп айтып бербесе же туура эмес маалымат берсе єтє чоў айып пул тєлєйт.
Эгер мамлекет чындыгында кичи кредит берїїчї уюмдарды чектєєнї кааласа, анда бир адамга бєлїнгєн кредиттин жалпы суммасына чектєє киргизїї керек.
Юридикалык жагы
Кыргызстанда кредит алуучулардын дээрлик кєпчїлїгї юридикалык билимге ээ эмес. Кредит алууда алар келишимге кол коюшат. Бирок ал келишимди жогорку билимдїї юрист гана тїшїнбєсє, кєпчїлїк карапайым кредит алуучулар тїшїнбєйт.
Ал эми кредит берїїчї ал келишимге алдоо жолу менен бир топ илинчектерди бекиткен. Аны болгон дитин коюп, баамдап окуган юрист гана табат. Ал эми карапайым адам каржалып турганда акча алууга шашат эмеспи. Келишимди баамдап окуу, ага анализ жїргїзїїгє анча кєўїл бурбайт.
Єнїккєн єлкєлєрдє бул маселе эбак чечилген. Ал жакта кредит берїї єтє жакшы жолго коюлган. Кредит алуу коопсуз жана жеўил. Банктардын жана кичи кредит берїїчї уюмдардын келишим барагы єтє тїшїнїктїї, жалпак тилде жазылган. Татаал жана тїшїнїксїз жазылган келишимге тыюу салынган. Ишенесизби, ал жакта тексттин шрифинин єлчємї да маанилїї. Алар ошого да кєўїл бурушат. Келишимдин текстти єтє узун болсо же майда тамгалар менен жазылып, окуганга ыўгайсыздык жаратса кредит алуучу пайызын тєлєбєй койгонго укугу бар. Натыйжада кредит берїїчї кызматкерге айып пул салынат.
Кыргызстанда микрокредиттик компаниялардын кардарлары жетишээрлик деўгээлде єз укуктарын коргой албайт. Ал турсун юрист да жалдай албайт. 2013-жылы Жогорку Кеўеште каралган мыйзамдын негизинде юрист кредит алуучуну коргой албайт. Ошондой болсо да бул нерсеге кол шилтеп коюу туура эмес.
Микро кредиттик компанияларга алданып калган кредит алуучу жогорку билимдїї юристке кайрылган. Юристтин айтуусу боюнча, эгер кардарга башында башка бааны айтып, кийин тєлєє мєєнєтї келгенде башка бааны талап кылса ал алдамчылык менен алектенген кылмышкер сыяктуу.
Мындай арыздан кийин компания єкїлдєрї кредиттин пайызын тємєндєтїп жибербейт, бирок сизге олуттуу мамиле жасаары шексиз. Эгер кредит тєлєєдє пайыздык тєлєм єзгєрсє же кандайдыр бир мыйзам бузуулар катталса, сиз ушул эле арыз жана банк менен келишимдин кєчїрмєсї менен сотко кайрылууга укугуўуз бар.
Микрокредиттик компаниялар їстєк пайызынын аркасында элди тоноо кырдаалын биз баарыбыз жакшы тїшїнєбїз. Анын їстїнє митинг кылып микрокредиттик компаниялардын ишин токтотуу же їзгїлтїккє учуратуу туура эмес. Болгону мындай ишти мыйзамдын негизинде чечїї керек.
ЭКОНОМИКА єзї демилге кєтєрїп, кредит алуучуларга колдоо программасын иштеп чыгууда. Биз атайын юристтерге кайрылып, кредит алуучулар оор абалга туш болбоосу їчїн эмне кылуу керек деген єтїнїч менен кайрылганбыз. Балким кредит тєлєєдє сизде азыр маселе болуп жаткандыр?
Андан сырткары мыйзам долбоорлоруна єзгєртїїлєрдї киргизїї боюнча сунуш кылып жатабыз. Ал маселе чечилип калса, кредит алуучулардын укугу чет єлкєнїн тажрыйбасынын негизинде корголот.
Андан сырткары кыргыз жана орус тилдеринде арыздарды, кайрылууларды жана сунуш пикирлерди кабыл алабыз.
Salam@ekk.kg электрондук дарегине кат жазып, єзїўїздїн башыўыздагы окуяны бєлїшїўїз. Биз жооп алып бергенге аракет кылабыз.