Аны менен катар эле Дүйнөлүк банктын баасына карасак, эң баш жана бат өнүгүүчү бизнес, жакырчылыкты жоюудагы ишенимдүү жардамчы – бул микрокредиттер. Аны планетадагы 500 млн кардар алган жана алардын көп бөлүгү экономикасы өнүккөн өлкөлөргө туш келет, тилекке каршы, 25%ы Кыргызстан сыяктуу өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө тиешелүү.
Азыркы абал ишкерлердин катарын толуктагандардын санын көбөйтөт. Бирок эмгекчилдиктен, эрктен сырткары ата-энесинен мурас калбаган кыргызстандыктарга баштапкы капитал керек, ансыз буттан турууга мүмкүн эмес. Эгерде аларды тиешелүү деңгээлде колдобосок алар утулуп калышы ыктымал. Экономика соккуга туш болду, эмгек мигранттарынын акча которуулары азайды.
“Бирок жакырчылыктан чыгуу үчүн жана өзүн иш менен камсыз кылууга физикалык жактар туугандарынан карыз алышат, үйлөрүн, кыймылсыз мүлктөрүн, малын сатышат, Орусия, Казакстан сыяктуу коңшу өлкөлөргө иш издеп жөнөшөт. Бул маселени микрокредиттик уюмдар чече алышат. Жада калса насыялык кризис учурунда 80 пайыз инвесторлор микрокаржылык портфелин төмөндөтүшкөн эмес. Ошондуктан бүгүн микрокредиттик уюмдар КРнын экономикасын өнүктүрүүдө маанилүү роль ойнойт”,-деп жазылат IFC корпорациясынын изилдөөсүндө.
“Микрокредиттик уюмдар ушундай оор, чырмалышкан убакытта жөнөкөй башкарууда калып жатат. Ири каржылоо болсо – ал жакта көйгөйлөр да чоң болот. Ал эми микрокредиттик уюмдар аз өлчөмдөгү насыя берүү менен айрымдар акчасын төлөбөй койсо дагы жок болуп кетпейт”,-деди микрокаржылоо тармагынын адиси, профессор CatholicUniversity (Milan, Italy) Roberto Moro Visconti.
“Бул физикалык жактарга аз көлөмдөгү акча берүү менен өзүн-өзү иш менен камсыз кылуу. Учурда микрокредиттик уюмдардын өнүгүүсүнө эч кандай мыйзамдар тоскоол эмес: 2001-жылы эле жарандардын насыялык кооперативдери тууралуу мыйзам кабыл алынган. Ал кооперацияларга “Чакан ишкерликти мамлекет тарабынан колдоо” тууралуу мыйзамдын алкагында кирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Коммерциялык негизде гана микрокаржылоо менен алек болгондордо кыйынчылыктар болушу ыктымал”,-деди ал.
Дагы бир башка маанилүү маселе накталай акчалардын тартыштыгы жана экинчи баскычтагы кооперативдердин жоктугу. Ошондуктан коммерциялык банктар микрокредиттик уюмдар менен иштешүүсү зарыл.
Микрокаржылоо бардык банк мекемелеринин ишмердүүлүгүнө кириши керек – Батышта бул менен атайын банктар алек болушат жана ала атайын чакан ишкерликке жардам берүү үчүн ачылган. Учурда биздин өлкөдө дагы микрокредит берүү боюнча атайын программаларды ишке ашырган банктар бар. Алар насыяны күрөөсүз жана бат беришет же товар түрүндө беришет, бирок алар кардардын өздүгүн, анын чөйрөсүн аныктап анан беришет, кардардын активине карашпайт.
Микрокаржылоо экономиканын төмөндөп жаткан учурунда жаңы демилгелерди алып чыгуучу жакшы тармак болуп саналат. Жергиликтүү микрокредит берүүчү мекемелердин максаты – ишкерлик тармакка жардам берүү. Бул тармак ата мекендик экономиканын өнүгүүсүндө маанилүү роль ойнойт.
Ирина Байрамукова
P.S.
ЭКОНОМИКА автордун бул пикири менен макул эмес, себеби ата мекендик микрокредиттик уюмдар ишкерлерге пайдалуу эмес шарттарды түзүп, аларды куугунтукка калгандай абалга жеткирүүдө.