Быйыл бардык бюджеттик кызматкерлерге 7 пайыздык чен менен ипотекалык насыялар бериле баштайт. Ал эми бюжеттен айлык албаган жарандарга 12–14 жылдык пайыз менен насыя берүүгө ресурстар пайда болот. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Бактыбек Шамкеев 18-январда Президент Сооронбай Жээнбеков жана Каржы министри Адылбек Касымалиев менен жолугушууда билдирди.
Анда Президент бюджеттик эмес тармакта иштегендерге ипотекага турак жай алуу үчүн насыяларды берүү милдетин койду. Сооронбай Жээнбековдун айтымында бүгүнкү күндө белгиленген 8–10 пайыздык чен жарандардын айрым категориялары үчүн оор бойдон калууда.
Буга карата Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Бактыбек Шамкеев Ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруунун эсебинен бюджеттен айлык албаган жарандарга 12–14 жылдык пайыз менен насыя берүүгө ресурстар пайда болоорун билдирди. Ошондой эле, алдыда калктын бул категориясы үчүн да пайыздык чендерди азайтуу мүмкүнчүлүгү изделээрин кошумчалады.
Каржы министри Адылбек Касымалиев жана Бактыбек Шамкеев ипотекалык насыянын жылдык пайыздык ченин 6 пайызга чейин акырындап төмөндөтүү үчүн каржы мүмкүнчүлүктөрү бар экенин белгиледи.