2017-жылдын 5-сентабрына карата МИК тарабынан 1638 насыя кайра каржыланып, жалпы суммасы 2 млрд. сомдон ашууда.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ведомстволор аралык комиссиянын тиешелүү чечимине ылайык, бюджеттик мекеме-уюмдардын менчик турак жайга муктаж кызматкерлерине, атап айтканда, мугалимдерге, дарыгерлерге, коргоо, мананият, социалдык өнүктүрүү жана бюджеттик башка тармактарда иштеп жаткандарга берилип жатат.
Тармактар | Саны | Суммасы | % |
Билим берүү | 669 | 768 229 773,00 | 38,36% |
Саламаттыкты сактоо | 308 | 369 207 790,00 | 18,44% |
Социалдык өнүктүрүү | 44 | 47 786 976,00 | 2,39% |
Маданият | 44 | 61 663 735,00 | 3,08% |
Бюджеттик башка тармактар | 573 | 755 681 322,00 | 37,74% |
Программанын чегинде ипотекалык насыяларды республиканын бардык аймактарындагы жарандар кыймылсыз мүлк рыногунун абалына жана үй-бүлөлүк кирешелерине жараша алып жатышат. Турак жайлары болбогон жана төлөөгө жөндөмдүү болгон учурда, жогоруда аталган тармактардын кызматкерлери ипотекалык насыя алуу үчүн жашаган жерлери боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга кайрыла алышат. Талаптарга ылайык келүү менен топтолгон документтердин негизинде, Программанын катышуучуларынын тизмелери таризделет (насыя алуу кадамдары, тартиптери жана талап кылынган документтер тууралуу маалыматтар менен МИКтин сайтынан кенен таашууга болот: (www.gik.kg).
Программаны ишке ашыруунун жүрүшүндө анын катышуучуларынын айрым бөлүгү 10–30% өлчөмүндөгү өздүк салымды чогултууда кыйналып жатышканы белгилүү болду. МИК мына ушул жагдайды эске алуу менен, атайын финансы-кредиттик уюмду негиздөөнүн үстүндө иш алып барууда. Мында каражаттарды кабыл алуу, аларды сактоо, убактысы келгенде жеңилдетилген шартта ипотекалык насыя берүү жүзөгө ашырылат. Ал эми пайыздык чендер жылдык 7–9% өлчөмүндө болору каралууда.
Алына турган батирдин жалпы аянты, тиешелүү критерийлерге ылайык, 80 чарчы метрден, жер үйдүн жалпы аянты 150 чарчы метрден жогору болбоого тийиш. Насыялардын жана төлөмдөрдүн аймактар боюнча орточо мааниси мындайча:
Аймактар | Насыянын орточо суммасы | Турак жайдын орточо наркы | Ай сайын төлөм | Ай сайын киреше | Төлөм/
Киреше |
Кредит/турак жай наркы |
Бишкек | 1 635 344,13 | 2 103 567,45 | 20 064,12 | 51 509,71 | 39% | 78% |
Чуй | 1 028 601,82 | 1 263 872,75 | 13 406,89 | 36 867,56 | 36% | 81% |
Талас | 673 809,86 | 845 667,40 | 8 767,79 | 25 625,26 | 34% | 80% |
Нарын | 856 323,12 | 1 079 921,35 | 11 541,75 | 42 165,07 | 27% | 79% |
Ыссык-Кол | 781 735,51 | 950 487,79 | 9 924,95 | 32 932,61 | 30% | 82% |
Ош ш. | 1 206 892,59 | 1 595 171,05 | 14 640,81 | 34 421,45 | 43% | 76% |
Ош обл. | 926 488,34 | 1 342 506,62 | 11 685,38 | 31 773,57 | 37% | 69% |
Жалал-Абад | 885 326,94 | 1 152 803,67 | 11 353,44 | 32 932,61 | 34% | 77% |
Баткен | 1 059 107,14 | 1 312 483,39 | 13 070,62 | 32 227,72 | 41% | 81% |
Бардыгы | 1 222 569,96 | 1 570 447,14 | 15 240,11 | 40 806,27 | 37,11% | 78,11% |
Жарандарды турак жай менен камсыздоо жана өзүнүн турак жай фондун түптөө максаттарында, МИК жергиликтүү мамлекеттик администрациялар (ЖМА) менен тыгыз кызматташуу аркылуу, республикабыздын бардык областтык борборлорунда эконом-класстагы көп батирлүү турак жайларды куруу алдында турат.
Баткен, Жалал-Абад жана Талас шаарларында үйлөрдүн курулушун долбоорлоо-сметалык документациялары даярдалып калды.
Каржылоо булактары – Карыздык милдеттенмеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан бөлүнүп бериле турган бюджеттик ссудалар жана МИКтин өздүк каражаттары.
Ипотекалык насыялар МИК менен өнөктөштүктө иштешип жаткан жана аймактар боюнча бөлүмдөрү бар 13 банк аркылуу ишке ашырылып жатат.