Жер жүзүндөгү адамдардын 3,4%га жакыны мигрант болуп саналышат, башкача айтканда туулган жерлеринде жашабайт. 2000-жылы алардын саны 2,8% болчу. Бул тууралуу БУУнун социалдык жана экономикалык маселелер боюнча департаментинин отчетунда жазылган. Кирешеси жогору болгон өлкөлөрдө мигранттардын саны 9,6%дан 14%га жогорулаган.
БУУнун калкты жайгаштыруу бөлүмүнүн демографиялык божомолуна ылайык, 2030-жылга карата Кыргызстандын калкынын саны 6,5 млндон 7,3 млнго көбөйөт. Аны менен катар эле эмгекке жарамдуу калктын саны 2015-жылы 2,5 млн болсо 2030-жылга карата 4,5 – 4,5 млн болот.
Маалымат үчүн: 2017-жылдын январь-сентябрь айларында КРнын акча которууларынын көлөмү 1 млрд 840 млн сомду (131,3 млрд сом) түзгөн. Республикалык бюджеттин кирешеси ушул эле мезгилде 97 млрд 880 млн сомду түзгөн, бул мигранттар которгон акчадан 33 млрд 434 млн сомго аз.
Мигранттар орточо эсеп менен канча каражат табышат?
Көп иштегени менен мигранттар барган жеринин жарандарынан алда канча аз айлык алышат. Ошондой эле адистер чет жактан келген жумушчуларды өтө көп же ашыгы менен иштетишерин белгилеп келишет: мигранттардын бир жумадагы иштеген сааттары болжол менен 59 саатты түзсө, Орусия жарандарынын жумуш сааты 39,6. Мигранттардын көбүн чакан жана орто ишканалар жалдашат жана аларга кара жумуш туш келет.
“Жумушчу орундарды түзүү миграциялык процесстерди турукташтыруучу вариант экенине карабастан заманбап шарттарда чет жакта жарандардын иштөөсүн улуттук стратегиянын өнүгүү бөлүгү катары кароо керек. Бирок иши жакшы болуп кетсе мигранттар дайыма жашоого жана ал өлкөнүн жарандыгын алууга аракет кыларын дагы унутпоо керек”,-деп жазылат концепцияда.
Мигранттардын эл аралык күнү КРда концепцияны талкуулоо менен гана чектелбестен бир катар иш-чаралар менен коштолду. Алар миграция саясатынын күн тартибине ылайык конференциялар, семинарлар, чоң жана чакан советтер, тегерек столдор. КРнын миграциялык мамлекеттик органы мамлекеттен жумуш издөө максатында башка өлкөгө чыгып кеткен эмгек мигранттарынын актуалдуу суроолорунун негизинде иштелип чыккан мигранттар жол көрсөтмөсү чыгарылгандыгы тууралуу билдиришкен.
Адамзаттын тарыхында миграция бир өлкөдөгү адамдардын кайратын көрсөткөн баардык кыйынчылыктарды жеңип чыгуу жана үй бүлөсүн эч нерседен кем кылбай багуу болгон. Миграция сыяктуу көрүнүш күндөн күнгө көп көңүл бурдурууда. Миграция процессине байланыштуу катаал жана кескин өзгөрүүчү тапшырманын оордугу аймактар жана өлкөлөр аралык кызматташууда диалог түзүүнү, тажрыйба алмашууну талап кылат. 2018 жылда сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт, анда эл аралык конференцияларды өткөрүү жана коопсуз, тартиптүү, регулярдуу миграция макулдашууларды жүргүзүү максаты бар.
Ирина Байрамукова