Кеңештин курамына ЖК депутаттары, министрликтердин өкүлдөрү, эл-аралык уюмдар, кары-картаңдардын ресурстук борбору, ар кандай диаспоралар, кесиптик уюмдар ж.б. кирет.
Маалымат үчүн.
Коомдук кеңеш 2012-жылы миграцияга байланышы бар үй-бүлөлөрдүн укуктарын корго максатында түзүлгөн. Ал убакыттан бери Кыргызстандын мигранттарынын маселелерин талкуулаган 25 жыйын өттү.
Коомдук технологиялар борборунун өкүлү Александр Коактын айтымында, эмгек мигранты катары жылына 50 миң адам кетет, кээ бир жылдары бул көрсөткүч 170 миңге чейин жеткен.
Бул Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийин биздин жарандар Орусияга, Казакстанга көп бара баштаганынан кабар берет, бул өтө туура эмес. Жыл сайын жүздөгөн, миңдеген адамдар мекенин, үйүн таштап жакындарына жардам берүү үчүн чет жактарга кетишет.
Натыйжада РФнын маалыматына ылайык, мигранттардын акча которуулары Кыргызстандын бюджетинин кирешесинен 26 млрд рублга ашкан.
КРнын Улуттук банкынын маалыматына ылайык, быйылкы жылдын башынан тарта мигранттар Кыргызстанга 1 млрд 740 млн доллар которушкан. Былтыркы жылга салыштырмалуу көрсөткүч 274,6 млн долларга көп. Каражаттардын негизги бөлүгү Орусиядан которулган — 253,4 млн доллар. Кыргызстандан башка өлкөлөргө 44,3 млн доллар которулган.
Борбордук Азия өлкөлөрүнүн арасынан Кыргызстандан Орусияга барып иштеген аялдардын саны көп. Кыргыз мигранттарынын 40 пайызын аялдар түзөт. ММКларда аялдар төрөп таштап кеткен ымыркайлар тууралуу маалыматтар чыгып турганын да жышырып болбойт. 2011-жылдан тарта 67 кыргызстандык айым балдарынан баш тартып Москванын төрөт үйлөрүнө таштаган.
Орусиянын миграциялык изилдөөлөр борборунун илимий кызматкери Дмитрий Полетаев Кыргызстанга жана башка СССРдин курамында болгон өлкөлөргө бир нече жолу барганын билдирди. Айтымында, акыркы 5–7 жылда Орусияда эмгек мигранттардын саны көбөйдү жана алардын жарымын Орто Азиядан келгендер түзөт.
Эксперттер КР ЕАЭБге киргенден баштап кыргыз жарандары жумушка оңой орношо баштаганын билдиришти, себеби алар патент алышпайт. “Биз 2016-жылы екатеринбургда изилдөө жүргүзгөндө вьетнамдар ачкан тигүүчу цехтер аталган өлкөдөн жумушчуларды алып келбей калышкан, эми алар жумушка кыргыздарды ала башташыптыр. Себеби кыргыздарга эми патент алуунун кереги жок”.
Кыргыздар мекенине миллиондогон акчаларды жөнөтүп жатат, ал эми КРда болсо бизнес өнүккөн жери жок. Эмнеге? Коррупция бут тосуудабы же инфраструктура өнүккөн эмеспи?
Эгерде Кыргызстан жарандарынын өлкөсүнө кызмат кылуусуна кызыкдар болсо аларга жардам берип, колдоо көрсөтүүсү зарыл.
Ирина Байрамукова