• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Миграция жана жергиликтүү өнүгүү

2v2a5099

👁 2,205

Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстандын миллионго жакын экономикалык жактан активдүү жарандары чет жактарда жүрүшөт.

2017-жылдын 27-июлунда Миграция мамлекеттик кызматынын жетекчиси Медетбек Айдаралиев эмгек миграциясында 710 миң кыргызстандык жүргөнүн билдирди.

Көз карандысыз эксперттер болсо сандар мындан дагы көп экенин айтып келишет. Миграция боюнча бирдиктүү докладда Кыргызстанда миграция маселеси 3 миллион адамдын тагдырын чечип жатканы жана экономикалык, социалдык факторлорго чоң таасир берип жатканы жазылат. Ар бир төртүнчү үй-бүлөдө (26%) жок дегенде бирден эмгек мигранты бар. Стабилдүү миграциялык агым жылына 50 миң адамды түзөт.

Социологиялык сурамжылоолорго ылайык, Орусияда эле биздин эмгек мигранттарынын 86, 76%ы иштешет, сан менен алганда 1–1,5 млн адам экени айтылып келет. Орусиянын Мамдумасынын төрагасы Вячеслав Володин үстүбүздөгү жылдын июль айында биринчи жолу Кыргызстанга келген.

Анын айтымында, эмгек миграциясына кирешеси аз адамдар барышат жана алар каражат которуу менен мекенинде калган үй-бүлөлөрүн багышат.

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков билдиргендей, Вячеслав Володин менен болгон жолугушууда эмгек мигранттарынын көйгөйлөрү, товарлардын транзити тууралуу сүйлөшүү жүрүп, эки тарап тең бул тармактарда кызматташууну жакшыртуу керек экенин белгилешти. Миграцияга көңүл бурулуп жатканы жакшы деңизчи, бирок эмгекке жарамдуу калктын чет жакка кетип жатканынын эртеңи тууралуу ойлонуу керек. Себеби бул көрүнүштүн жаман да жактары бар. Адистердин баамында пайдалуу жагына караганда терс жактары көп.

Кыргызстандагы жаштардын пикирин СМС билдирүү менен топтогон «М-репорт» долбоору миграциянын терс жактарын аныктаган. Суралган жаштардын 52 пайызы миграцияны акча табуунун аргасыз жолу деп аташкан, ал эми 9 пайызы жашоонун жалгыз жолу экенин белгилешкен. Сурамжылоого ылайык, орточо эсеп менен 17 пайыз мигранттар миграция алардын дүйнө таанымын кеңейтет деп санайт, алардын 24 пайызы бишкектиктер болсо 3 пайызы Оштон барган мигранттар. Ал эми жашы 28 жаштан жогору болгон сурамжылоого катышкандар миграция үй-бүлөлөрдүн бузулуусуна алып келип жатканын билдиришкен.
Кыргызстандын көпчүлүк жарандары Орусияга кетишсе, 4,23% Казакстанга жана Туркияга кетишет, ал эми 2,82% мигранттар Алыскы Чыгышта, 1,97% Түштүк Кореяда. Жыл сайын биздин мигранттар үйлөрүнө акчаны көп эле жөнөтүп турушат. Миграция кызматынын маалыматына ылайык, акыркы жарым жылда эле Кыргызстанга мигранттар 615,19 миллион доллар которушкан. Былтыр бул сумма 456,2 миллион доллар болчу.

Көпчүлүк мигранттар үчүн миграция узак мөөнөттүү стратегия катары кабыл алынат. Калк токтоосуз миграцияга агылууда: айылдыктар шаарга келишсе, шаардыктар чет жактарга кетишүүдө. Эл аралык миграция уюмунун баалоосуна ылайык, КМШ, Балтия, Чыгыш Европадан Орусияга дайыма жашоого көчүрүү программасына катышкан кыргызстандыктардын саны өсүүдө.

Эмгекке жарамдуу күчтүн чет жакка чыгып кетүүсү тууралуу жана анын экономикалык, социалдык, демографиялык, маданий, моралдык-психологиялык таасири тууралуу ойлонууга мезгил келип жетти. Себеби миграция улуттук экономика тармагында иштегендердин санын азайтып, социалдык жана пенсиялык камсыздандыруу фонддоруна каражат түшпөй, ата-энеси жанында жок болгондуктан оор кырдаалга туш болгон балдардын саны өсүүдө. Мындан сырткары мигранттар тапкан каражат алар жашаган коомдун, ата-энесинин, туугандарынын өнүгүүсүндө эч кандай роль ойнобойт.

Экономисттердин изилдөөлөрүнө ылайык, мигранттар тапкан каражаттын аз бөлүгү гана капиталдык салым болот, башкача айтканда мекенинде жаңы жумушчу орундарды түзүүгө, социалдык, инфраструктуралык жана башка маселелерди чечүүгө жумшалат. Мигранттар тапкан каражаттын көбү эле “желип” кетүүдө. Ушуга байланыштуу кыргыз мигранттарынан түшкөн каражатты алардын айылын өнүктүрүүгө жумшаса болобу деген суроо туулат. Ар түрдүү инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда мамлекет мигранттардын жардамын пайдаланса болобу?

Ошол эле учурда жергиликтүү социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүү үчүн айрым өлкөлөр чет жакта иштеген жарандарынын өз каалоосу менен берген каражаттарын жумшап келишет. Бул каражаттар жолдорду оңдоого, социалдык-маданий мекемелерди курууга, таштанды чыгарууга жана башка нерселерге жумшалып келет.

Бул боюнча Молдованы үлгү катары карасак болот. 2017-жылдын 20–24-июль күндөрү Кыргызстан Эл аралык эмгек уюмунун чакыруусу менен Кыргызстанга молдовалык эксперт Василе Чоарик келип, кыргыз эксперттери жана журналисттери менен өз тажрыйбасын бөлүштү.

“2016-жылдан тарта Молдовада “Миграция жана жергиликтүү өнүгүү” долбоору киргизилген, биринчи этапта 25 калктуу конуш киргизилсе, экинчи этапта 15 айыл жана шаарлар киргизилет. Бул долбоорго ылайык, калктуу конуштарда социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиясы иштелип чыгып, мигранттар жана алардын үй-бүлөлөрү өздөрү жашаган жерди өнүктүрүү иш-чараларына тартылат. Тактап айтканда, муниципалитеттерде атайын адамдар дайындалып, алар мигранттар менен иштешет; чет жакка иштеп кеткен мекендештердин тизмесинин базасы түзүлдү, ар бир калктуу конуштарда мигранттардын ассоциациясы түзүлгөн. Жыл сайын “Диаспора күнү” деп аталган майрам өткөрөбүз. Коомдук ассоциациялар жолдорду оңдоо, көчөлөрдү жарыктандыруу, спорттук аянттарды куруу, спорт жабдууларын алуу сыяктуу көптөгөн маселелерди тизмектеп чыгышат дагы ал боюнча каржылоо жүрөт”,-деди Василе Чоарик
Чакырылган эксперт билдиргендей, мигранттардан каражат чогултуу «crowdfunding» ыкмасы аркылуу жүрөт. Башкача айтканда, атайын иштелип чыккан «Guvern24» деген онлайн платформа бар. Каалагандар ал жакка каалаган суммасын которушат дагы айылдыктарына каалоо-тилек жазышат. Бардык акча которуулар ачык болгон жана каалаган адамдардын баары сайтка кирип, каражаттар тууралуу маалымат ала алчу. Долбоорду ишке ашыруу боюнча бардык маалыматтар жергиликтүү органдардын сайттарына жайгаштырылып, Facebook тармагындагы мигранттардын ассоциациясынын баракчасына жайгаштырылчу.

Бир жыл ичинде долбоордун биринчи этабына катышкан 25 калктуу конуш үчүн 100 миң евро чогулган, бул башында пландалгандан 2 эсеге көп. Жайында көптөгөн калктуу конуштарда спорт аянттары, маданий борборлор, суу менен камсыз кылуу системасы, көчөлөрдү жарыктандыруу иштери мигранттар которгон каражаттардын, жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын жана гранттардын жардамы менен бүткөрүлдү.

Чоарик билдиргендей, кеп мигранттар чогултулган акчада эмес, алардын кичи мекенине тартылып, ал менен байланышта болгонунда. Долбоор молдовалык мигранттарга өздөрүн кичи мекенинин бөлүгү катары сезүү мүмкүнчүлүгүн берген жана айылынын көйгөйүн чечүүдө көмөкчү болгон.

“Бир баш жакшы, эки баш андан жакшы” дегендей Кыргызстан молдовалык бийлик органдарынын тажрыйбасынан үлгү алып, мигранттарды кичи мекенинин социалдык-экономикалык маселелерин чечүүгө тартса жакшы болчудай. Себеби көп нерсе Молдовада ишке ашкан бул долбоорду Кыргызстан колдонуп, өз өлкөсүн, айылын, мектебин сүйгөн жарандар аз да болсо өз салымдарын кошушмак эле.

Улуу иштер кичине нерседен башталат дешет эмеспи, балким бул кыял да орундалып алдыда улуу иштер жасалар.

Ирина Байрамукова

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости