Жыл сайын Кыргызстанда орто билимге ээ болгон миңдеген бүтүрүүчүлөр окууларын аякташат. Кээ бирлери ким болорун аныктап алышса, айрымдары агым менен кетишүүдө. Бул жашта биз мүмкүнчүлүктөрүбүздү баалай албай, кайсы кесип бизге ылайык экенин аңдай албайбыз.
Ар бир адамдын күчтүү жана алсыз жактары бар. Кимдир бирөө чыгармачылыкка жакын болсо, айрымдарынын ишкерлик жөндөмү бар, калгандарынын болсо колунан баары келет. Дал ушундай балдар орто билим алышат, башкача айтканда колледждерде окушат. № 5-кесиптик лицейинин жетекчиси Айдаралы Айтмырзаевич Айтмырзаевдин айтымында, ал жакка тапшырууну каалагандардын саны көп.
№5-лицейде окутуунун бардык түрү бюджеттик. Окутуунун 3 түрү бар: 11-классты аяктагандар 10 ай окушат дагы диплом алышат. Экинчи түрү болсо 9-класстын бүтүрүүчүлөрү. Алар 3 жыл окушат дагы, бүткөн соң аттестат анан диплом алышат. Ошондой эле кандайдыр бир себептен жумушсуз жүргөн чоңдор үчүн атайын курстар бар. Ал 3 айга созулат жана айына 3,5 миң сом төлөнөт. Бул кымбат эмес, анткени окууну бүткөн соң сөзсүз жумушка орноштуруу караган. Окууну бүткөн соң иштеп, үй-бүлөлөрүн багышат.
Жылына болжол менен 60–70 чоң кишилер окууга тапшырышат. Алардын жашоосу ар-кандай. Кээ бири чынында эле кесибине кызыкса, айрымдары жашоодон ордун таба албагандар, кээлеринин болсо материалдык абалы жол бербейт.
Нурлан №10-кесиптик лицейинин бүтүрүүчүсү. Ал өз ишин сүйгөн бактылуулардын катарын толуктайт. 9-классты бүтөрү менен ал ашпозчулукка окуган. Окуусун бүткөн соң жумуш таап, учурда жогорку билим алууну көздөп келет. Жогорку билим алуу ар бир адамга керек деп санайт ал.
Ар кандай адамдар бар, ар биринин тагдыры ар башка. Бул сөздүн маанисине Лев Толстой көчөсү менен кетип бара жатып түшүнөсүң. Ал жерди эмгек биржасы деп атап келишет.
Бирок биздин эмгек биржасында андай эмес. Ал жерде жалаң жумушсуздар ачык асман алдында чогулушат. Алар сунушталган жумуштун бардыгына макул болушат. Бул жерде ар кандай адамдар бар жана мыйзам бул жерде иштебейт. Укук коргоо органдарынын бат-баттан жүргүзгөн рейддери жумушсуздарды абалын жакшыртып жиберген жери жок.
Ал Политех институтунун куруучулук тармагын бүтүптүр. 2 баласы бар экен, бирок жумушка орношо албай келгенин айтат. Жалданып иштегендин баары бийлик Лев Толстой көчөсүндөгүлөргө көңүл буруп койсо болот эле дешет. Бул жерде мыйзамсыздык өкүм сүрүп, укук коргоо органдары үй-бүлөсү бар кары адамдарга дагы аёосуз мамиле кылып келет экен.
Жакшылыкова Гульмира Аскеровна 7 жылдан бери шаардык башкармалыкта ушул адамдар менен иштерин билдирди.
“Бизде 2 биржа бар. Бири Лев Толстой көчөсүндө, бири айланма жолдо. Ал жактагылар негизинен талаа иштеринде иштешет. Биз баары менен иш алпарабыз. Биз аларга жардам берерибизди көбү эле билет. Тилекке каршы, биздин кызматтан пайдалангысы келгендер аз.
Биржадагылардын көбүнүн документтери жок, эч жерде катталган эмес. Бизде БИталондор берилет. Ал жарым жылга жарайт. Ал шаарда каттоосу жокторго берилет. Документтери жокторго дагы жардам берип келебиз. Долбоор аркылуу 5 адамга паспорт алууга жардам бердик. Сүйлөшөбүз. Бизде каттоо тууралуу мыйзамдар иштебегени өкүндүрөт.
Күн сайын шаардагы мыйзамсыз эмгек биржаларына 200–500 киши чыгат. Алардын көбү башка аймактардан келгендер, кээ бири шаарда турушса, кээ бирлери шаар четинде жашашат. Мурун Лев Толстойдогу адамдар үчүн отургучтар коюлган. Бүгүн анын бирөө эле калды, оңдоого муктаж. Калгандары бийликтин чечими менен алынып салынган”
Жакшылыкова билдиргендей, алардын башкармалыгы жумушсуздар менен иш алпарат. Учурда керектүү тармактан билим берүү үчүн атайын Фонд ачылган.
Демек бүгүн жумушсуздарды ушул абал канаатандырат жана алар туруксуз келишет. Мындай учурда мыйзамсыздыкка жана аларга карата мамилеге даттанып кереги жок, анткени бул абал аларга көнүмүш сыяктуу. Эгерде адам бир нерсени өзгөрткүсү келсе, анда өзгөрүүнү өзүнөн баштайт эмеспи.