Кыргызстанда наркы миң сомдон ашкан белектерди алууга тыюу салынат. Өкмөт «Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндөгү» мыйзам боюнча, тийиштүү жактардын белектерди эсепке алуу, каттоо, баалоо сактоо, пайдалануу жана сатып алуу тартибин иштеп чыкты.
Мыйзам талабы мамлекеттик жана муниципалдык кызматты ээлеген жактарга, республикалык же жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекемелердин жетекчилерине, мамлекеттик кызматкер деген макамы жок болсо да мамлекеттик органдарда иштегендерге, Улуттук банктын кызматкерлерине, мамлекеттик органдарда убактылуу иштеген жактарга таралат.
Эми мыйзам талабы боюнча мамлекеттик кызматкерлерге баасы он эсептик көрсөткүчтөн ашкан белектерди алууга тыюу салынат. Дипломатиялык белектер да мамлекеттин менчиги болуп саналат, бирок аларды наркын төлөп сатып алууга уруксат каралган.