Канча жылдан бери отурукташып, көз жашка ишенбеген шаарды беш колундай билип калган Жамилахан эже мигрант болуп агылып келген мекендештерине өз жардамдарын көрсөтүп жүрүп, акыры «Мекеним Ала-тоо» коомдук уюмун ачып, миңдеген мигранттардын сообуна калып келет. Биздин каарманыбыз каргашалуу учак кырсыгы болгон 16-январда таңкы саат алтыда аэропортко келип конгон. Бүгүн Жамилахан эже учак кырсыгы, Жүк –200 ж.б мигранттардын көйгөйлөрү тууралуу ой бөлүштү.
Биз аэропортко жаңыдан жетип учагыбыз жаңыдан жерге конгондо саат 6дан 9мүнөт өтүптүр. Паспорттук көзөмөлдөн өткүчө саат 7ден өтүп калды. Ошол таңда аябай туман болуп турган. Бир метрден ашык жер көрүнгөн эмес. Аэропорттон чыккыча машине деле араң зорго чыккан. Бизге чейин деле аэропортто адамдар толтура экен.
Кыргыз эли үчүн чоң кырсык, чоң эскертүү болду. Бир үй-бүлөнүн аза күтүүсүндө болуп келдик. Сокулук районуна караштуу Манас айылында ал үй-бүлөнүн сөөктөрү коюлду. Өкмөттөн маркумдарды узатууга бир да адам басып барган жок. Депутаттар же ал жерге тиешелүү акимчиликтен деле бирөө басып барган жок. Мындайда эл алдыңкылары эл арасында болсо дем күч берет эмеспи.
Адам бар жерде өлүм ар түрдүү кырсыктар болот. Ар түрдүү оору сыркоолор болот. Биздин «Мекеним Ала-тоо» коомдук уюмубуз 2005-жылы уюшулган. Ошондон бери эл менен аралашып элдин жашоосун жеңилдеткенге аракет кылып келе жатабыз. 2005-жылдын октябрь айында бир айда ондон ашык адам набыт болду . Күндө жүк-200 жөнөтүп москвадагы кыргыздар кыйналып турдук. Ошондон бери «Эдем» деп аталган ритуалдык кызмат менен иштеше баштадым.
Кайсы бир убакыта аралыгында 2006-жылы «Замандаш» ассосациясы менен бийлик башындагылар сүйлөшүп сөөктөрдү акысыз жөнөтүүгө да жетишкенбиз. Бул учактардын бортунда сөөктөрдү алып кетүү бир жыл убакыт аралыгында ишке ашып турду. Бул кызматты Эйр-Кыргызстан авиа каттамы гана жасады.
Азыркы учурда бир да авиа каттам акысыз алып кетпейт. Учурда Москва шаары үчүн 35, Орусиянын башка шаарларындагыларды 38-миңге алып кетишет.
Ар бир сыртка чыгып иштөөгө кетип жаткан мекендешибиз өздөрүнүн өмүрүнүн коопсуздугун сактоону үйрөнүш керек. Мигранттардын өмүрүн, ден-соолугун карай турган мамлекеттик бир камсыздоо компаниясы болуш керек болчу. Бирок ага качан жетишебиз али белгисиз…
Бажы биримдигине киргенибизден кийин аз да болсо жеңилдик болду. Бизге салыштырмалуу Тажикстан, Өзбекстандан келгендер айына 4,5 миң сомдон айына патентке төлөшөт. Андан башка дагы чыгымдары бар. Биздин кыргыз жарандар жанагындай патент алышпайт. Башка Казакстан, Беларусь, Армения сыяктуу эмгек келишими аркылуу жумушка орношо алышат.
Москвада, Орусиянын башка шаар, облустарында 500–600миң мекендешибиз болсо алардын ар биринин тагдыры, түгөнбөгөн көйгөйлөрү бар. Бир жараныбыз бир тууган агасынын паспорту менен Москвага келе бериптир. Келип эле аэропорт Домедедоводон кармалды. Анын апасы мага кайрылып жардамга бардым. 100миң рубль күрөөгө коюп, 7ай өткөн соң гана соту болуп, анын 60миңин штраф катары төлөдү.
Өз жанын кыйган жаш улан-кыздар, көнүлдөшүн өлтүрүп салгандар, карызга батып качып жүргөндөр, курсагындагы түйүлдүк чоңойуп эмне айла кылаарын билбей алдастаган кыз келиндер, каза болгондор,сөөктү өлүкканадан алып чыгып жерине жөнөтө албай кыйналганда, кырсыктагандар, комага түшкөндөр ж.б түркүн көйгөйлөр түгөнбөй эле көбүрүп-жабырып көбөйүп бараткансыйт.
2012-жылы мигранттардын көйгөйүн чечүү үчун 4юрист керек деп президентибизге кайрылганбыз. Президентибиз 4 юристке иш орунун чектеп берди эле. Тышкы иштер министрлиги тарабынан ал төрт юристтин ордун кыскартып койду. Өкмөттүк, өкмөттүк эмес жыйналыштарда кызматтагы адамдардын артынын түшүп атып ушуга окшогон көйгөйлөрдү чечишип алсак, бир чиновник келет да ал мээнетибизди бир сызык менен сызып тез эле жок кылып коет. Айтор биздин ишибиз түгөнбөс түйшүк.
2009-жылдары балдарын төрөп таштаган энелердин саны көп болгон . Азыр деле анда санда болуп келе жатат. Бул дагы бир коомдун жарасы. Ал жерде эле эмес кыргызстанда деле ушундай көрүнүштөр көп болууда. Кийинки учурда кыргыздардын балдары болсо деле балага муктаж жергиликтүүлөр көп багып алып жатышат.
Мунун баарына кыздарды эле күнөөлөй берүү туура эмес. Эркек балдардын жоопкерчилиги жоктугунан да болуп жатат. Азыркы жалпы эле жаштар, коом кыргыздын улуулугун жоготуп, билим сапаты жагынан да, адамдык сапаты жагынан да өтө начарлады.
Орусияда бир миллионго жакын мекендешибиз мигрант болуп эмгектенип жүрөт. Жыл сайын 300дөн ашык Жүк-200 Орусиядан бизге жөнөтүлөт. 2016-жылдын 7ай аралыгында эле кыргызстанга 430 Жүк- 200 жеткирилгени тышкы иштер мнистрлигинен кабарланган .Эмне деген эсти эңгиреткен цифра. Жаркырап жайнап алдына максат коюп, бир үй-бүлөнү багам, үй-бүлө курам, бир туугандарыма, ата-энеме жардам берем деген канчалаган жалындаган кыз-жигиттердин сөөгүн тосуп алдык. Кызык бир жылда Авган согушунда канча мекендешибиз каза болду экен. Мурда дагы рубльдин наркы 1,5сом болчу. Тапкан акчалары бир ишке жарап кетчү. Азыр рубльдин куну качты. Бирок өлкөбүздөгү жумушсуздуктан корккон мекендештерибиз баарына кайыл болуп, баардык азапка чыдап эмгектенип келишет.Албетте бул жумуш ордун түзүп бере албаган бийлик өкүлдөрүнүн чабалдыгы.
Кудай сактап, бул маалыматтын пайдасы тийбей калсын, бирок жазып коеюн.
18 500р- моргко төлөнөт;
35 000р- ритуалдык тейлөө ( Бул сумманын ичине баардык чыгымдар кирет. Аэропортко чейин өздөрү жеткирип, самолётко салышат)
Кээ бир мекендештер 100 000рубль төлөп кетиргендер бар экен. Ал демек кымбат ритуалдык тейлөөгө туш болуп калышкан.
Маркумдун сөөгү Кыргызстанга жерге берилгенден кийин жакын туугандары Бишкек шаарындагы Токтогул көчөсү 237 –үйгө баардык документтер менен барып, кеткен чыгымдарды алса болот.
Жамиля НУРМАНБЕТОВА