“Мегаком” компаниясын «Акылдуу шаар» долбоорунун инвестору «АКА минералз энд майнинг» компаниясы сатып алуу сунушун берди. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун маалымат кызматы билдирди.
«АКА минералз энд майнинг» компаниясы Мүлк фондунун атына кат жөнөтүп, Мегаком компаниясынын 100 пайыз акциясын сатып алууга кызыктар экенин билдирген. Мамлекеттик мүлк фонду бул сунушту карап жатат.
Белгилей кетсек, келишимге ылайык, «Акылдуу шаар» долбоорун ишке ашырууда «АКА минералз энд майнинг» компаниясы 9 млн доллар каражат бөлөт. Кытайлык «Beijing China Veterans Lingxin Capital Management” компаниясы менне биргеликте адистерди окутуудан өткөрөт.
Мегаком компаниясынын тикелей сатыктагы баасы 13 млрд 500 миң сом.