Май айында мамлекеттик бюджеттин кирешеси атайын каражаттарды эске алганда 10 млрд 620 млн сомду түздү.
Мындай маалымат Финансы министрлигинин Борбордук казынасынын маалыматтарында айтылат.
Салыктык түшүүлөр 8 млрд 633 млн сом болду, бул былтыркыга салыштырмалуу 1 млрд сомго көп.
Салыктык эмес кирешелердин көлөмү 1 млрд 986 млн сомду түздү.