Анын айтуусунда, айдоочулар эч кандай эскертүүсүз эле коомдук транспорттун ишин токтотушту. Мыйзамсыз митингдерди милиция көзөмөлдөшү керек эле, бирок милиция да аракет кылган жок.
Эске салсак, 2-апрелде Бишкек шаарында кичи автобустардын айдоочулары иш таштаган. Алар жүргүнчүлөрдү камсыздандырууну жокко чыгарууну талап кылышты.