Азыркы учурда соода өнөр-жай палатасында кандай иштер жүрүп жатат?
Президенттик шайлоо жакындап өлкө башчы ким болот деген табышмак болуп турат. Жаңы президент келсе ишкерлерге кандай жардамдар болот деп күтүп турган чагыбыз. Бирок соода өнөр-жай палатасынын иши өз нугунда жүрүүдө. Учурда биздин иш чет өлкөлөр менен байланышта. Кыска убакыттын ичинде ШКУда ишкер-жыйынын өткөрдүк. Жакын арада эле Дубайдын ишкерлери Кыргызстанга келип кетти. Анткени 2020-жылы “ЭКСПО-2020” көрөгөзмө Дубайда өтөт. Аталган ЭКСПО ири масштабда болот. Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековда Дубайда өтө турган көргөзмөгө катышабыз деген кат жөнөттү. Ошонун алкагында тиешелүү документтерди таштап кетишти. Эми аларды толтуруп ал жакка жөнөтөбүз. Мындай кадамга биз дагы макул болдук.
Көргөзмөнүн алкагында башка чет мамлекеттин өкүлдөрү менен кезигип, кандай жаңы технологиялары бар экени тууралуу бири-бирибиз менен пикир алышып, мындан ары иш жүрүзүүгө жакшы өбөлгө түзүлүп жатат.
Кыргыз ишкерлери ЭКСПО көргөзмөлөрүнө барганда кандай продукциялар менен барышууда?
Учурда кыргыз ишкерлери көргөзмөгө катышууда. Анын жыйынтыгында өздөрүнө өнөктөш таап, таанышып келишүүдө. Эми бара-бара кыргыз ишкерлери да башка мамлекеттин ишин көрүп, жандана баштады.
Кырызстандагы атамекендик ишкерлерди чогултуп, клубдар уюштурулууда. Клубда ишкерлерге кенен маалымат таратып, керектүү документтери менен камсыздоодобуз. Палатанын мындай кадамдары ишкерлерге жагып, ыраазычылыктарын билдиришүүдө.
Челябинск облусу келип, форум болуп өтүптүр. Форум эмне максатта өткөрүлдү?
Челябинск облусунан 23 ишкер келди. Кыргызстан тараптан 60–70 ишкердин тегерегинде болду. Форумдун алкагында 3–4 ишкер Челябинсктен келген ишкерлер менен тил табышып бирге иш баштоого бел байлашып, күз айларында келишим түзүшөт.
Чет элдик ишкерлер кайсы тармакка басым жасап, келишим түзөт?
Басымдуу бөлүгү айыл чарба өнүмдөрүнө келишимдер түзүлөт. Челябинск көбүнчө темир тетиктерин жана тракторлорду чыгарат. Биздин ишкерлер темир тетиктерине жана тракторлорго кызыгышууда. Алдыда дагы сүйлөшүүлөр жүрөт.
Азыркы тапта “Астана-ЭКСПО-2017” көргөзмөсү болуп жатат. Ал жакта кандай жаңылыктар бар?
Күз айлары жакындап калды, алдыда дагы кандай иштер аткарылат?
2017-жылдын 24–25-августта Кытайлыктар менен чоң көргөзмө ачканы жатабыз. Бул көргөзмөнүн артынан эле Ысык-Көл форуму өткөрүлөт. Кытайдан 200гө чукул өкмөтүнөн баштап, ишкерлер биригип, жоон топ келет. Форумга ар бир тармактын өкүлдөрү келип катышат. Андан ары ушул жылдын 7–10-сентябрга чейин мен Цянга учуп кетем. Ал жакта Эл аралык соода өнөр-жай палатасы бар. Ошол палатада мен вице-президент болом. Цяндан ишкерлер үчүн да жакшы иштердин башын баштап келем деп пландоодомун.
Наргиза Өмүрбек кызы