Бул мексикалык элчинин Кыргызстанга болгон биринчи иш-сапары. Alfonso Zegbe Мексика аркылуу Японияны Кытай менен байланыштырып турган Улуу Жибек Жолу өтөрүн билдирди.
КРнын Соода өнөр-жай палатасынын жетекчиси Марат Шаршекеев сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстандан туристтик багытта башка өлкөлөргө динамикалуу түрдө өнүгүп жатканын, бирок көпчүлүк Мексикага баруу мүмкүнчүлүгүн карашпаганын билдирди. Себеби бул өлкөгө баруу өтө көп убакытты талап кылат. Ошондой эле ал Стамбул аркылуу авиакаттам ачылса Кыргызстандын6 жарандарынын Мексикага баруу кызыгуусу артарын кошумчалады.