• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Манас Саматов: Эң жакшы инвестиция бул — ички инвестиция

dsc_0093

👁 3,355

Айыл жергесинде жашагандардын 80% дыйканчылык менен алектенишет. Учурда дыйкандардын негизги кемчилиги билиминин жоктугу жана маалыматтын жетишсиздиги экенин серепчилер айтып келет.

Бирок бул деле шылтоо эмес. Анткени азыр заман талабына жараша смартфондор чыгып, интернет айыл-аймактарга чейин жайылып турган чагы. “ЭКОНОМИКА” редакциясы дыйкандардын абалын жана аларга интернеттин пайдасы тиеби, жокпу билип көрүү үчүн ийгиликтүү фермерлердин бири Манас Саматовду маектешүүгө чакырдык.

–Манас мырза, маегибизди адегенде эле учурдагы фермер-дыйкандардын абалынан баштасак…

–Жалпы жонунан алганда дыйкандардын стабилдүү абалы жакшы. Анткени бизде жер жеке менчикке берилген. Ар ким өзү каалагандай иштетсе, кылса болот. Бирок, биздин дыйкандар ошол жеке менчиктин кадырына жетпей келет. Өзүнө таандык болгон жерди иштетип, өз оокатын кылайын деген кандайдыр бир чечкиндүүлүк жок. Өкмөт кандай жардам берет экен, кандай кредит берет экен деп жардам күтүп олтургандай эле таасир калтырат. Биздин биринчи кемчилигибиз — ушул өзүбүздө. Бул – биринчи жактан. Экинчи жактан, ошол ар түрдүү ой, кыял, үмүт менен жашап жүргөн айыл тургундарына багытты көрсөтүп, жетелеп кете турган адистер, жетекчилер жок. Ошол себептен дыйкандар менен мамлекеттик машинанын ортосунда чоң ажырым бар.

–Азыркы дыйкан-фермерлер эмнеге муктаж болуп турат?

–Эң башкы муктаждык – бизге жалпы илим, билим жетишпей жатат. Эң жөнөкөй эле нерсе – дыйкандарыбыз арпа менен буудайды сепкенди билбей калууда. Багбанчылык, жалпы эле дыйканчылык маданияты бизди өтө төмөн экен. Анткени жер жеке менчик болгондон кийин баары жер алды. Мугалим да – фермер, спортмен да – фермер, айтор баары –эле фермер. Бирок айыл чарбасы жөнүндө түшүнүктөрү жок. Ошондуктан эмне себүү керектигин, жакшы киреше табуунун жолдорун билишпейт. Ошол себептен бизде өлкөнүн деңгээлинде дыйкандарды жетелей турган, идеяга бай, күчтүү, ошол эле учурда чакан команда керек болуп жатат. Бизде маселен 5300 киши иштеген айыл чарба министрлигинин өзүнчө бир конструкциясы бар экен. Иштебеген машина бар экен. Ал машинан башында өздөрү адистер жок. Бюджеттен 1 млрд 200 млн сомду айлык катары жеп атышат экен. Бизде ички карама-каршылык бар.

–Бизде, өлкөбүздө дыйканчылык эмнеси менен артыкчылыктуу дагы, ошол эле учурда кандай кемчилиги бар?

–Дыйканчылыктын сыры бүткүл дүйнөгө бирдей эле. Жер шарты, аба ырайында өзгөчөлүктөр болот. Бирок бизде, кудайга шүгүр дыйканчылыкка болгон шарт абдан жакшы. Жагымдуу аба ырайыбыз бар. Эмнени эксек түшүм ала турган жерибиз бар. Бул жагынан айырмасы жок. Бир гана нерсе, ар бир регионго таандык жакшы өсө турган, кирешелүү өсүмдүктөрдү өстүрүп, жакшы киреше табуу керек. Кирешелүү делген техникалык өсүмдүктөр – мөмөлүү дарактар. Акыркы үч-төрт жылдан бери биз тынбай айтып келе жатабыз: биз Кыргызстанды, кыргызды бүтүндөй мөмөлүү бак-дарактар өлкөсүнө айландырсак деп. Бул абдан принципалдуу нерсе. Себеби бир гектар жерден алынган өндүрүм баасы боюнча эң жогорку кирешелүү болуп саналат.

Жакында эле бир айыл өкмөттүн башчысы менен жолукканда бир гектардан алты миң сом киреше табабыз дейт. Аны менен таптакыр оокат кылып болбойт. Ушундай баш –аламандык бар. Кандайдыр бир калыпка түшө тургандай системага салып, айыл чарба өндүрүшүн жөнгө салган киши ушул кезге чейин болбоду. Кырдаал өзгөрүүсүз бойдон калууда.

–Бизде бир маселе бар. Экспортко чыгарууда көлөм жетпейт. Бул жаатта адис катары эмне дээр элеңиз?

–Негизи дыйканга айырмасы жок. Мейли ал экспортко кетсин, мейли ал ички базарда сатылсын. Бир гана нерсе бар. Эгерде колуңдагы продукция сапаттуу өндүрүлгөн болсо, сен үчүн көйгөй жок. Азыр айыл-чарба азыктарына болгон суроо- талап өтө жогору. Өздөрү келип, акчасын төлөп, жүктөп алып кетишет. Бирок, ал өндүрүм дүйнөлүк стандарттарга жооп бере тургандай сапатта болушу керек. Ошол эле алма болсун, жүзүм болсун, капуста болсун… Көрүп атасыңар, чет өлкөлөрдү айтпай эле коеюн. Биздин өзүбүздүн эле суроо-талап күндөн-күнгө көбөйүп баратат. Алманын даамына, өңү-түсүнө, көлөмүнө, жытына карата тандап алып калышты. Элдин турмушу оңолуп жатат, кирешеси көбөйүүдө. Ошого жараша биздин тамактануу тартибине көз сала турган болсок, сапаттуу мөмө-жемиштерди жегиси келет. Той-топурларда сапаттуу, көзгө толумдуу мөмө-жемиштер коюлуп жатат дегендей. Ошондуктан биз сапаттуу продукция өндүрүүнү ойлонушубуз керек. Мүмкүн болушунча аз чыгым менен өндүрө билүүнү үйрөнүшүбүз зарыл.

–Сиз үйрөнүү керек деп жатасыз. Дыйкандар кантип үйрөнүшү керек, же мамлекет тарабынан жардам болушу керекпи?

–Бул жерде дыйкандар менен мамлекеттик машина, ар түрдүү ассоциациялар, ошол эле техника саткан менчик чет өлкөлүк фирмалар – баарынын күчүн кошуп келип, туура багытта ишти уюштура билүү керек. Бизге координация керек. Буга кызыкдар адамдар көп. Маселен, кызылчаны ала турган болсок, немистердин “Кавайес” деген фирмасы өзү алып келип, үрөнүн сатып, аны кантип себүү керектигин үйрөтүп, семинар өткөрүп, дыйкандар менен түзмө-түз иштешип жатат. Ошол эле Америкадан “пионер” деген жүгөрүнүн үрөнүн алып келип, сатып, үйрөтүп, азыркы күндө жүгөрүдөн алынган түшүм бир топ жогору болуп калды. Айтор ушундай. Бул татаал жумуш. Ошолордун бардыгын уюштуруп, дыйкандарга жеткире биле тургандай ишти уюштурган киши жок болуп жатат. Азыр ошол менчик фирмалар эле өз күчү менен сүйрөп баратышат. Бирок сырттан келген киши эч качан өлкө ичиндеги кырдаалды толук билбейт. Алар толугу менен өздөштүргүчө бир-эки жыл өтүп, убакыттан утулуп калууда. Ошондуктан тышкы инвестицияга караганда ички инвестиция жакшы.

–Кыргызстанда дыйканчылык менен алектенгендер көп. Алар маалыматты кандай алышат. Азыркы заман талабына шайкеш он-лайн түрдө ала алышабы? Интернет дыйкан-фермерлерге канчалык жетти?

–Бизде дагы бир кемчилик бар. Дыйкандар өздөрүн эски калыпта, карапайым кишибиз, дыйканбыз, малчыбыз деген кандайдыр бир кемсинип, бизге билимдин кереги жок дегендей, эски позицияда жашашат. Мен дайыма дыйканчылыкты – агро бизнес деп түшүнгүлө деп айтып келем. Силер дагы бизнес иш адамысыңар. Жөнөкөй эле формула менен чыгаша канча болот, киреше канча болот, кандай жумуштар аткарылат? өндүргөн продукцияны сата келгенде кеткен чыгым менен төккөн мээнетти актайбы деген нерселерди өздөштүрүшүбүз керек. Бул жерде дагы бир айта турган нерсе бар. Бизде агартуу системасы аксайт. Совет доорунда жашап калган кишилер эле эмес, азыркы жаштар дагы эң жөнөкөй нерселерди билишпейт экен. Өндүрүш эмне, өндүрүм эмне, чыгаша эмне, киреше эмне, өндүрүшкө болгон мамиле кандай болушу керек, Баягы эле атасынан үйрөнгөн “билим” боюнча жер аянты болсо буудай, арпа же жүгөрү себишим керек дейт. Трактор алышым керек дейт. Бирок кайсы тракторду алуу керек, ал өзүн актайбы, актабайбы үрөндү кайдан алуу керек? Бул суроолорго жооп ачык бойдон калууда.
Маалымат айдыңына келе турган болсок, акыркы мезгилдерде айыл жерлеринде смартфон колдонуп башташты. Жакында эле кызылча боюнча өзүнчө тиркеме иштеп чыгышты. Телефон аркылуу эле кайсы жерде кандай үрөн сатылып жатат, акыркы жаңылыктардан кабардар болуп жатышат. Мен ойлойм, жакынкы аралыкта бардык тармактар боюнча ушундай тиркемелер болот. Баягы эле координатордун жоктугу. Координатор болсо, азыр ошондой программаларды иштеп чыгып, дыйкандар колундагы эле телефон аркылуу издеп, таап, окуп, ошого жараша иш тута турган даражага жеткирсек эмнеге болбосун?! Бизде азыр абдан күчтүү адистер бар. Тиркеме сыяктуу нерселер алар үчүн жөнөкөй эле иш. Бирок мунун өркүндөтүп, ар бир дыйкан колундагы телефон менен эле маалымат ала турган ыкмага көндүрүү керек.

–Сиздин баамыңызда интернетин ролу жогорку деңгээлде экен…

–Албетте. Мына бүгүн ошол өндүрүшкө карата маалымат болбосо дагы дыйкандар деле Россияда, Америкада окуп, иштеп жаткан балдар же шаарда турган балдар менен телефон аркылуу байланышып, үйрөнүп алышты. Бир тепкич жогору көтөрүлүп, өндүрүш тармагына багытташ керек.

–Дыйкандардын жазгы даярдыгы кандай. Быйыл эмне сепсе кирешелүү болот?

–Биринчиден, ар бир региондун өзүнө таандык өзгөчөлүктөрү бар. Өтө так билбесе дагы өздөрү эмне себүү керек экенин билишет. Бирок, даярдык дегенде эмне? Бизде күзгү айдоо деген жалпы көйгөй бар. Ошол эле ток этер жери – жерди күзүндө айдоо керек. Тилекке каршы бизде айдоо тракторлору жетишсиз болгондуктан күздө айдап жетишпей калышат. Эгин-тегинин антип-мынтип жыйнап, эки жагын жыйгыча эле кар жаап коет. Ошол себептен күзүндө жерлер айдоосуз калууда. Бул деген чү дегенде эле кемчилик кетти деген сөз. Кайрадан жерди айдоо үчүн жазында жердин тапка келишин күтүүгө туура келет. Негизи күзүндө жерди айдап, үрөндү камдап коюу керек. Картошка айдай турган болсо картошканын, буудай болсо буудайдын үрөнүн камдап коюу керек. Жазгы талаа жумуштардын убагында аткаруу үчүн акча сактап коюу дагы зарыл. Анткени дизель майын сатып алуу керек. Акырындап жолго коюлуп келе жатат. Бирок турмуш өзү жөнгө салып жатат. Ошону тездетип, координациялаган киши жок болууда.

–Акыркы учурларда айыл чарба министрлигине көп сындар айтылып жатат. Бул алардын ишти жакшы алып кете албагандыгынанбы же…

–Эгерде тармакты иш билги жетекчи жетектебесе, ал кантип жөнгө салат? Түшүнүгү жок болсо, ой жүгүртүү масштабы, өлкөнүн ичиндеги көйгөйлөрдү тааный билбесе, алдын ала көрө билбесе, ал деген жетекчи ошондой болгондон кийин, анын кол алдында иштегендерге дем бере албайт. Мына ошол себептен айыл чарба тармагы аксап жатат.

–Сизди кесипкөй дыйкан катары билебиз. Дыйканчылыктын кайсы түрү менен алектенесиз?

–Биз кызылча өстүрүп гана алектенбестен, бул өсүмдүктү өстүрүүнүн эң акыркы технологиясын алып келдик. Кызылча өстүрүүдөгү эң оор жумуш – бул казып-жыйноо болчу. Германиянын “Гримме” фирмасы менен үч фазалуу казып-жыйноо техникасын алып келдик. Биринчи фазасында кызылчанын жалбырактарын чаап, майдалап кетсе, экинчи фазада алты катарды бир казып, кошумча жөнөкөй машина алып келдик. Бир да кызылчаны сындырбай, кеспей, алты катарды казып, жерден бошотуп, үстүнө калтырып кетет.

Үчүнчү машина бул – жыйнап кетет. Жыйноо процесси да үч баскычта ишке ашат. Жүк кылбай топурактан тазалап анан жүктөйт. Биздин машиналардын жүк көтөрүмдүүлүгү 12 тонна. Жердин башына келип тизилип турган машиналарга жүктөп берет. Бир машинага 7 мүнөткө чейинки убакыт ичинде жүктөп берет. Ошенип биз кызылчаны казып жыйноонун жолун толук механизациялаштырдык.

Машина абдан жөнөкөй. Дыйкан үйүндөгү машина сыяктуу эле башкарып, анча-мынча тетиктерин алмаштырып койсо болот. Ошентип биз белгилүү бир даражада салым коштук деп айтсак болот.

–Муну өзүңүз алып келдиңизби?

–Өзүбүз эле алып келдик. Каржы булактары болду. Буга мамлекеттин тиешеси жок.

–Ысык-Көлдө жазында көчөт тигебиз деп жатпайсызбы. Ушул тууралуу маалымат бере кетсеңиз?

–Бизде интенсивдүү багбанчылык деген тема аксап келе жатат. Интенсивдүү багбанчылыктын ток этер жери – көчөт. Бул бүткүл дүйнөдө кеңири жайылган технология. Багбанчылыкка жаңы көз караш менен карай турган жагдай. Бирок биз ага даяр эмес экенбиз. Дагы бир нерсе – биздин улуттук өзгөчөлүгүбүз ушунда: көзгө сайып туруп көрсөтпөсөң, эч нерсеге ишенбейт. Ошондо дагы жүздөгөн суроолорду беришет. Жакын досубуз жети гектар жерге Италиядан көчөт алып келип алма тикти. Караганда көздүн жоосун алып, кумарын кандыра турган бак болду. Элдер келип көрүп жатышат. Эми ушул жумушту ар бир региондо жасап көрсөтүү зарылдыгы турат. Ошондой масштабдуу жеке менчик долбоорлордун бири Ысык-Көлдүн Ананьево айылында 45 гектар жерге алма, алмурут, шабдалы жана гилас тиккени жатабыз.

–Жерди ижара алып иштеткени жатасызбы?

–Жок, менчик жер. Менин милдетим – көчөттөрдү тигип берүү. Жерге тиешем жок. Буюртмачы бизге заказ берип жатат. Биз багыт беребиз, жумушту өздөрү аткарышат. Керектүү техникаларды алып келип беребиз. Мисалы багбанчылыкка керектеле турган техниканын комплексин сатып алганы жатабыз. Алып келип, ошол жердеги бардык багбандарга көрсөтүп беребиз. Бул техникалар жерди даярдагандан баштап, отоо чөптөрдү тазалап, дары чачып берет. Бактардын арасында чөптөр өспөшү керек. Же болбосо кыска кылып оруп туруу талап кылынат. Буталгандан кийин ортого түшкөн чырпыктарды майдалап таштоо керек. Кыскасы өзүнчө бир комплекс. Жасала турган иштердин тобу. Негизгиси алманы кантип бутоо керек? Бакты эки-үч жыл карай турган адистерди да сырттан жалдап жатабыз. Алар кантип туура бутоо керек экендигинен баштап өз тажрыйбаларын биздин балдарга да үйрөтүп беришет. Анткени ар убак эле сырттан адис чакырганга болбойт. Кымбатка түшүп калат. Жаштарды үйрөтүү керек. Айтор бул жерде толгон-токой түйшүктөр бар. Баарын тизмектеп, эч нерсени эстен чыгарбай алманы туура тигип, өстүрүп, сугарууну тыгыз өздөштүрүү абзел.

–Канча жылда түшүм берет?

–Көчөт дароо эле тигилгенден он-он беш күндүн ичинде гүлдөйт. Биринчи жылы гүлүн кол менен үзүп таштайбыз. Экинчи жылы түшүм бере баштайт. Бир гектарынан 7–10 тонна түшүм берет. Аны бутоо да өзүнчө пландаштырылат. Үчүнчү жылы 20–25, кийинки жылы 40−50− тонна бериши керек.

–Көчөттү кайдан алып келесиздер?

–Түркиядан алынып келинет.

–Сорттору кандай болот?

–Сорттору жети-сегиз сорту бар. Алар дүйнөдө белгилүү, стандарт. Электен өтүп, өзүнүн ордун тапкан сорттор.

Маектешкен: Наргиза Өмүрбек кызы

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости