Эл аралык “Манас” аэропорту өлкөбүздөгү көзгө басаар бирден бир аэропорт. Миллиондогон жүргүнчүлөрдү тейлеп өлкөбүзгө жакшы киреше алып келген ишкана. Эл аралык “Манас” аэропортунун басма сөз кызматынын маалыматына таянсак 2015-жылга салыштырмалуу 2016-жылы жүргүнчүлөрдүн саны бир топ жогорулаган.
«Манас», «Ош» жана «Ысык-Көл» аэропорттору гана канааттандырарлык абалда болбосо, калган бардык аэродромдор толук оңдоп-түздөөгө муктаж. Жарандык авиация агенттиги жакынкы жылдары Талас жана Кербен шаарларындагы аэропорттор таптакыр иштен чыгып калышы ыктымалдыгын эскертет.
“Манас” аэропортуна Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун сунушу менен эпостук баатыры Манастын аты ыйгарылган.
“Манас” эл аралык аэропорту Бишкек шаарынын түштүгүндө жайгашкан эски Бишкек аэропортунун ордуна курулган. Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун сунушу менен эпостук баатыры Манастын аты ыйгарылган. Аэропортко самолет эң биринчи жолу 1974-жылдын октябрында конгон.
1975-жылы 4-майда аэропортто эң биринчи пландалган рейс Москва-Домодедового болгон. «Манас» аэропорту эски ордунан азыркы жайгашкан жерине 1981-жылы көчүрүлгөн.
«Манас» аэропорту менен эл жашаган пункттун ортосундагы аралык 1,5 чакырым деп көрсөтүлгөн. Аэропортко эң жакын турган Дача, Здоровье, Трикотажник, Су-874, Труд дачалар болжол менен бир чакырым алыстыкта турат.
Москва, Стамбул, Үрүмчү эл аралык каттамдарында көп каттоолор болот. Муну менен катар Лондон, Пекин, Дубай, Киев, Астана, Ташкент, Душанбе, Санкт-Петербург, Новосибирск, Екатеринбург, Красноярск, Омск ж.б. шаарларга да тынымсыз учуулар болуп турат. А өлкө ичинде Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарына каттоочу линияларда жүргүнчүлөр көбүрөөк кездешет.
Биздин аэропорттон он жети авиакомпаниянын учактары каттайт. Булардын ичине башка республикалардагы өнөктөш компаниялар да кирет. «Аэрофлот», «Түркия авиакаттамдары», «Британские авиалинии», «Түштүк Кытай авиакаттамдары», «Россия авиакомпаниясы», «Сибирь», украиналык «Аэросвит» ишканалары менен тыгыз кызматташышат.
Ош аба майданы Фергана өрөөнүндөгү эң чоң аба майдандардын бири. Ал 1962-жылы ишке берилген. Ош шаарынан 9 чакырым алыстыкта турат. Ош аэропорту эл аралык деген макам талабына жооп бербейт деген жүйө менен Жогорку Кеңештин бир катар депуттары Ош шаары менен Кара-Суу району чектешкен Мады айылынан жер бөлүп берүүнү демилгелеген.
Ошко жаңы аба майдан курулат деген сөз көптөн бери эле айтылып келет. Жакында «Ош» эл аралык аэропортунда тумандын улам үч күнгө каттамдар токтогондо бул маселе Жогорку Кеңеште дагы бир нече ирет көтөрүлгөн. Транспорт жана жол министрлиги менен байланышканыбызда мекеменин маалымат кызматы аэропорт курууга учурда Отуз-Адыр, Мады айыл өкмөттөрүнүн аймагынан 500 гектар жер бөлүнгөнүн айтты.
Жамиля Нурманбетова