Жогорку Кеӊештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин демилгеси менен бизнес менен саламаттыкты сактоо тармактарындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк маселелерин, тактап айтканда, «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндөгү» мыйзамдын аткарылышын талкуулоого арналган парламенттик угуу өткөрдү. Иш-чарага вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
Тармактык комитеттин төрагасы Нурланбек Макеев бизнес менен саламаттыкты сактоо тармактарындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) аракеттери өтө маанилүү маселелердин бири болуп саналарын айтып, парламенттик угуу катышуучуларын талкууга жигердүү катышып берүүгө чакырды.
Ал эми вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев алгачкы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзам 2009-жылы кабыл алынып, көп жылдары иштебей келгенин, ошондон улам, 2012-жылы кайра жаӊыртылганын эске салды.
Жыйын жүрүшүндө депутаттардын сынына мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча долбоорлор жай жүрүп жатканы, бир долбоор дагы аягына чыга электиги кабылды. Мамлекеттик органдар же мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн мүмкүнчүлүктөрүн билбейт же өнөктөштөр менен өз ара кызматташууга кызыкдар эмес деген пикирлер айтылды. Мындан улам мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзамга инвесторлордун өздөрү мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун демилгелөөгө жана аны мамлекеттик органдарга сунуштоого уруксат берүү каралууда.
Депутат Нодирбек Каримовдун пикиринде, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзамдын ишке ашыруу механизми иштелип чыккан эмес. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк маселеси Экономика министрлигинин астында болушу керектигин айткан депутат Кубанычбек Нурматов келген инвестор мамлекет тарабынан кандай кепилдик берилерин билүүсү зарыл дейт.
Парламенттик угуунун катышуучулары МЖӨ долбоорун ишке ашырууда тармактык министрлердин алмашуусу менен дагы көйгөйлөр жаралган жагдайлар кездешерин айтып, мындай маселеге да көңүл буруу керек дешет. Жогорку Кеңештин Төрагасынын астындагы Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеңештин катчылыгынын жетекчиси Умбриэль Темиралиев МЖӨдө мамлекет тарабынан каржылоо маселесинде өлкөнүн өзүнчө инфраструктуралык фонду болушу керектигин айтып, бул боюнча Малайзиянын инфраструктуралык фондун мисалга тартты.
Жыйынтыгында парламенттик угуунун катышуучулары тарабынан айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен рекомендация кабыл алынып, тармактык комитеттин кароосуна сунуш кылынды.