Аталган өнөктөштүктү ишке ашыруу максатында 2016–2021-жылга чейин мамлекеттик – жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү программасы бекитилген. Мындан тышкары аймактарды өнүктүрүү боюнча чоң маани бериле турганын экономика министрлигине караштуу Инвестицияларды жана экспортту илгерлетүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Алымбек Орозбеков билдирди.
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизги мааниси жана иштөө принциптери кандай?
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) — бул мамлекет тарабынан ар кандай мамлекеттик объекттерди каржылоо, куруу, калыбына келтирүүгө жана реконструкциялоого жеке инвесторлорду тартуу маселелери боюнча иш алып барат. Ошондой эле жеке өнөктөштөр менен 50 жыл узак убакыткка чейин өз ара аракеттенүүсү болуп саналат.
Ушундай себептерден, Эл аралык статистиканын маалыматтары боюнча МЖӨ өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөр МЖӨ долбоорлорунун анын портфелин жогорулатуу үчүн аракет кылып жатышат. Атап айтканда, акыркы эки он жылдыкта гана Европада 280 миллиард евродон ашык миңдеген МЖӨ долбоорлоруна кол коюшкан.
МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу механизми экономиканын кеңири спектрин камтыйт. Ага ири инвестициялык инфратүзүмдүк долбоорлор мектептерди, ооруканаларды чоңойтуу жана оңдоо, турак жай коммуналдык маселелерди чечүү сыяктуу чакан долбоорлор кирет.
МЖӨнүн өнүгүүсү кандай абалда?
Башка мамлекеттерде мамлекеттик жеке өнөктөшүк боюнча алгылыктуу иштер жасалып жатат. Биздин өлкө дагы дүйнөлүк тенденциядан калбай, бул багытта көп иштерди жүргүзүп жаткандыгы кубандырат. Мындай кадамдар өлкө экономикасынын жогорулашына шарт түзөт. Себеби МЖӨ аркылуу Кыргызстанда көп инфраструктуралар модернизацияланат. Мындан тышкары элге сапаттуу жана келишимдүү баада заманбап кызматтарды мамлекет тарабынан көрсөтүүгө өбөлгө түзөт.
Кыргызстанда 2008-жылдан баштап мамлекеттик — жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруу үчүн өлкөдө жетиштүү юридикалык, институционалдык жана финансылык платформа түзүлгөн. Ал эми, 2012-жылдын 22-февралында “Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” мыйзамы кабыл алынган. Учурда экономика министрлиги жана инвестициаларды жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттиги МЖӨтүн өнүгүүсүнө чоң маани берүүдө. Аталган өнөктөштүктүн негизинде жеке инвестицияларды тартуу үчүн министрлик жана агенттик тарабынан чоң иш аракеттер аткарылып жатат.
Мамлекеттик–жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү үчүн юридикалык, институционалдык жана финансылык түзүлгөн базалар кандай иш аткарат?
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда МЖӨ долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн баардык шарттар түзүлгөн. Ага мыйзамдык, институтционалдык жана каржылык базалар кирет.
Мыйзамдык база- бул эл аралык практиканын баардык талаптарына жооп берген ченемдик укуктук база болуп эсептелет. Мында экономиканын талаптарына ылайык, өзгөртүүлөр киргизилип, мыйзамдарды бири-бирине ыңгайлаштыруу боюнча экономика министрлиги жана экспорт-импортту илгерлетүү мамлекеттик агенттик тарабынан аракеттер жасалат.
Институтционалдык база- Мамлекеттик — жеке өнөктөштүктү кеңири жайылтуу максатында аталган база түзүлгөн.
Каржылык база– Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоосун каржылоо фонду. Буга чейин МЖӨ фондунан саламатыкты сактоо, транспорт жана шаардык инфротүзүмдүк тармактарына долбоорлорду даярдоо үчүн каражаттар бөлүнгөн.
МЖӨ аркылуу аймактарды өнүктүрүүгө болобу?
Мамлекеттик – жеке өнөктөштүк аркылуу аймактардын инфратүзүмдөрүн өнүктүрүү өтө маанилүү болуп саналат. Анткени азыркы учурда аймактарды өнүктүрүү өкмөттүн негизги приоритеттеринин бири. Бүгүнкү күндө региондордо инфратүзүмдү оңдоого багытталган бир нече долбоорлор демилгеленген. Бул Токмок шаарынын жана транспорт министрлигинин демилгеси. Бирок мындай мүмкүнчүлүктөрдү өз алдынча башкаруу органдары пайдаланбай жатат.
МЖӨтү илгерилетүү багытында акыркы жолу кандай иш – аракеттер жасалды?
2017-жылдын 10-февралында, Кыргыз Республикасынын экономика министирлигинде өкмөт башчынын катышусу менен, министирликтердин башчыларына, түндүк облустарынын аймактык мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө, Нарын, Ыссык-Көл, Чүй жана Талас облустарынын губернаторлору жана мэрлердин катышуусу менен МЖӨ тууралуу семинар өткөрүлгөн. Ушундай эле семниар өлкөнүн түштүк аймагында дагы үстүбүздөгү жылдын 10-мартында өткөрүлдү. Ал эми алдыңкы убакытта мамлекеттик – жеке өнөктөштүктүн мүнкүнчүлүктөрүн максималдуу түрдө колдонуу үчүн Эл аралык финансы институттары менен үзгүлтүксүз кызматташабыз.
Кыргызстанда МЖӨтү өнүктүрүүдө кандай кыйынчылыктар бар?
Мамлекеттик – жеке өнөктөштүк боюнча долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ыңгайлуу шарттар бар. Бирок ошол ыңгайлуу шарттарга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кызыкпай жатат. Себеби МЖӨтүн долбоорлорун ишке ашыруу үчүн жетиштүү тажрыйбаларынын жоктугу болууда. Аталган өнөктөштүктү илгерлетүү ниети жана аракеттери болуусу керек. Ошондуктан, дагы бир жолу белгилеп кете турган нерсе, кызматташуунун пассивдүү жана керектөөчүлүк форматынан, инвесторлор менен проактивдүү жана инвестициялык кызматташууга өтүү зарыл. Бул азыркы учурда инветициялар үчүн болуп жаткан күрөштүн талабы. Учурда саламаттыкты сактоо жана мэриянын куржунунда төрттөн долбоорлору бар. Мындай кадамдар ийгиликтүү иш аракеттердин бири деп белигеп кетким келет. Эгерде ар бир мамлекеттик органдын жок дегенде экиден даяр долбоору болсо, экономиканын алдыга жылуусуна салым кошкон болот.
МЖӨ кайсы чөйрөлөрдө колдонулат?
Мамлекеттик – жеке өнөктөштүк инфратүзүмдөрдү куруу жана модернизациялоо боюнча долбоорлордо колдонулат. Атап айтсак, ден-соолук, билим-берүү объектилери, транспорттук, спорт-маданият жана муниципиалдык объектерде. Мисалы: Суу камсыздоо системасын модернизацилоо же куруу.
Мындан тышкары мыйзамга ылайык, МЖӨ минералдык ресурстарга, мамлекетик сатып алууларга жана приватизацияларга колдонулбайт.
МЖӨ аркылуу Кыргызстанда кандай көйгөйлөрдү чечүү мүмкүн?
Негизги чечилүүчү маселелер:
- Инфратүзүмдөрдү куруу;
- Сапаттуу кызмат көрсөтүү;
- Жеке инвестициаларды колдонуу менен, мамлекеттик бюджетке жүктөөнү азайтуу;
- Долбоор аяктаганда (мөөнөт 50 жылга чейин) жаңы инфратүзүм мамлекеттин карамагына өткөрүлүп берилет;
- Тендер өткөзүү менен, коррупциянын деңгээлин азайтуу (МЖӨ долбоорлорунда инвестор мамлекеттик чоң кызматкерлер менен жолугушпайт, тендердик комиссия жеке ишкерди тандоонү жүргүзөт);
- Мамлекеттик кырыздын азайуусуна бир жагынан өбөлгө түзөт. (Гранттар, кредитер).
- Жеке ишкерге өткөрүп берүү менен, сапаттуу башкаруу (жеке сектор өз ишин так билет жана аткарат).
Азыркы учурда кандай долбооорлор бар? Жакынкы арада кайсы долбоорлордун ишке ашыруусун күтүүгө болот?
Азыркы учурда МЖӨ долбоорлорун 3 негизги тармакка бөлүп карасак болот. Бул жеке өнөктөштү тандап алуу, технико-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу жана кеңеш берүүчү компанияны тандап алуу.
Жеке өнөктөштү тандап алуудагы долбоорлор:
МЖӨ долбоору «Гемодиализ кызматтарын Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында уюштуруу» (саламаттыкты сактоо министрлиги).
Бул долбоор жеке ишкерди тандап алуу тендер стадиасында. 2017- жылы февраль айында тендер аткарылган. Тендерге төрт компания катышып, 2-Германия, 1-Голландия, 1- Индия. Жыйынтыгында, 2 компания өттү. (Германия жана Индия). 2017-жылы 26-майда тендердик сунуштарды берүү мөөнөтү бүтөт. Август айларында жеңүүчү менен келишимге кол коюлат. Бул долбоор Кыргызстанда МЖӨ механизминин негизинде ишке ашырылган алгачкы долбоор болуусу күтүлүүдө. Жыйынтыгында бул долбоордун ишке ашыруусу сапаттуу жана элге жеткиликтүү гемодиализ кызматтарын алып келүүгө өбөлгө түзөт. Аталган долбоордун алкагында 250дөн ашык пациент кабыл ала алат.
Технико-экономикалык негздемени иштеп чыгуу стадиясындагы долбоорлор:
- «Коомдук транспортто электрондук билеттөө системасын киргизүү» долбоору. Бул долбоор боюнча технико-экономикалык негиздеме (ТЭН) жана тендердик керектүү докуметтер иштелип чыккан. Бүгүнкү күндө бул документтер экономика министрлигинин кароосунда турат. Министрликтер тарабынан даярдалган документтер жактырылгандан кийин Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан жеке өнөктөштү тандап алуу тендери жарыяланат. Бул долбоордун ишке ашыруусу коопсуз акы чогултуу системасын алууга өбөлгө түзөт. Электрондук билеттөө системасын киргизүү аркылуу коомдук транспорттун айдоочулары көп алаксыбай жана транспорттун кыймылын тездетүү жана коопсуз кылууну камсыздайт. Азыркы учурда акы чогултуу системасын эске алууда бул долбоор эң керектүү болуп саналат.
- «Борбордук лабораторияларды Бишкек шаарынын медициналык иш жайларында уюштуруу» долбоорунун ТЭНсинин ишке ашыруусу аяктап жатат. “ Rebel Group” жана “Kalikova and Associates” кеңеш берүү компаниясы ТЭН иштеп чыгууда. Бул долбоордун негизинде сапаттуу заманбап лабораториялардын кызматты баардык жарандар үчүн жеткиликтүү болот. Мамлекеттик лабораторияларды модернизациялоо менен оорулардын дарттын так жана өз убактысында аныктоого мүмкүндүк берет.
Кеңеш берүүчүлүк компанияны тандап алуу стадиясындагы долбоорлор:
«Ангиографиялык борборлорду уюштуруу». Долбоор МЖӨ фондунун байкоочу кеңеши тарабынан жактырылган. Кеңеш берүү комапанияны тандап алуу тендери ишке ашырылууда (саламаттыкты сактоо министрлиги).
«Ош облусунун Өзгөн шаарын айланып өтүүчү (объездная дорога) унаалык жолду куруу». Бул долбоор дагы МЖӨ фондунун байкоочу кеңеши тарабынан жактырылган.
Бишкек шаарынын мэриясынын долбоорлору:
«Жол боюнда муниципалдык токтотмолорду уюштуруу»
«Шаардык транспортту жакшыртуу»
«Бишкек шаарында мектепке чейинки мекемелерди куруу»
КР Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик бажы кызматынын долбоору:
Мындан ары МЖӨтү өнүктүрүү пландары кандай?
Мамлекеттик – жеке өнөктөштүктү иш жүзүндө жайылтуу үчүн ылайктуу шарттарды мындан да жакшыртуу жана төмөндөгү маселелрди чечүү:
- МЖӨ саясаттын өнүктүрүү;
- МЖӨ долбоорлорду көбөйтүү;
- МЖӨ долбоорлорун мамлекеттик органдарда сапаттуу даярдоо жана баалоо үчүн татыктуу адистер менен камсыздоо;
- МЖӨ долбоорлорун мамлекеттик каржылык колдоо менен камсыздоо жана башка колдоолор.
Министрлик жана агенттик тарабынан МЖӨтү өркүндөтүү үчүн бүт аракеттер жасалууда. Түшүндүрүү үчүн тегерек стол, окутуу тренингдери жана аймактарга чыгып семинарларды уюштуруу иштери жүргүзүлүп жатат. Бул жаңы түшүнүк болгондуктан, коомдо толук жана анык түшүнүшүнө убакыт керек. Убакыттын өтүүсү менен коомдо мамлекеттик – жеке өнөктөштүк тууралуу кеңири түшүнүк пайда болот.
Наргиза Өмүрбек кызы