ЖКнын депутаттарынын пикиринде 2017-жылы кабыл алынган “КР мамлекеттик жөлөк пулдар” тууралуу КРнын мыйзамы толугу менен иштелип чыккан эмес. Аны аткарууга 7–8 млрд сом керек болгону менен анын каржылоо булактары аныкталган эмес.
«Республика-Ата Журт» парламенттик фракциясынын мүчөлөрү жаңы мыйзамды ишке ашыруу үчүн механизмдер каралбаганын билдиришти. Депутат Кенжебек Бокоев мыйзам убагында аткарылганда 30 миң эмес 150 миң аз камсыз болгон бала жөлөк пул алуучулардын тизмесинен чыкмак экенин кошумчалады.
Мындан сырткары эл өкүлү чындыгында эле жөлөк пулга муктаж болгон үй-бүлөлөргө, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жөлөк пулдун көлөмүн жогорулатып берүү керектигин билдирди.
Ошондой эле депутаттар сүйүнчү пул алуу процессин жөнөкөйлөтүү керектигин белгилешти.
“Пенсия алган чоң энеси чогу жашайт экен деп жаш үй-бүлөлөргө жөлөк пул бербей коюуга болбойт”,-деди депутат Талант Мамытов.