2018-жылдын майында республикалык бюджеттин ведомстволук классификация боюнча кассалык аткарылышы 10 млрд 339 млн 452,2 миң сом суммасында жүзөгө ашырылды.
Көрсөтүлгөн суммадан бюджеттик мекемелерде иштегендердин эмгек акысына 2 млрд 601 млн 285 миң сом, элге социалдык жардам боюнча жөлөк пулдарды төлөөгө 648 млн 695,2 миң сом, социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулдарды төлөөгө 3 млн 620,4 миң сом бөлүндү.
«Имараттар жана курулмалар» беренеси боюнча чыгымдар 540 млн 25,4 миң сомду түздү. Мамлекеттик (тышкы жана ички) карызды тейлөөгө 1 млрд 918 млн 965 миң сом жумшалды. Калган каражаттар чыгашалардын башка корголгон жана корголбогон беренелери боюнча сарпталды.