Кыргызстанда мамлекеттик сатып алуулар маселелери боюнча даттанууларды жана нааразылыктарды кароо боюнча көз карандысыз ведомство аралык комиссия түзүлдү.
Бул комиссия Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2018-жылдын 28-майындагы №2-буйругу менен куралды. Комиссиянын курамына 15 адам киргизилди, үчтөн бири – коомчулуктун өкүлдөрү, үчтөн бири – юриспруденция жаатындагы адис болуп саналган жана судья кызмат орунунда иш тажрыйбасы бар адамдар, үчтөн бири – мамлекеттик же муниципалдык кызматкерлер жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча сертификаты бар адамдар.
Белгилей кетсек, ушундай эле комиссия 2016-жылдын 15-мартында түзүлгөн, бирок анын иши майнаптуу болгон эмес. Комиссиянын жаңы курамы боюнча Портал өзү 15 мүчөдөн турган Комиссияны ар бир даттануу үчүн өз-өзүнчө топторго автоматтык түрдө, кокустан тандоо методу менен бөлүштүрөт.
Келип түшкөн ар бир электрондук даттанууга карата система тарабынан 3 адамдан турган Комиссиянын курамы түзүлөт. Мамлекеттик сатып алуулардагы даттануунун автоматташтырылган жол-жобосунда Комиссия мүчөлөрүнө окуу жана талкуулоо режиминде бардык даттанууларга толук кандуу жетүү мүмкүнчүлүгү берилет. Бул жол-жобо мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы талаш-тартыштарды ыкчам чечүүгө мүмкүндүк берет, даттанууларды кароонун ачыктыгын жана калыстыгын камсыздайт, ошондой эле Комиссиянын ишине жарандардын ишенимин жогорулатат.