Эгерде алар мамлекеттик мекемелер тарабынан мамлекеттик бюджет тарабынан сатылып алынып жатса, анда бул процесс мамлекеттик сатып алууларга кирет. Эгерде бул сатып алуулардын жалгыз эрежеси болгон “каражатты үнөмдөөдөн сырткары” товарларды жана кызматтарды сатып алууда экологиялык жактан тазалыгына жана социалдык оорчулукту төмөндөтө турганына карай турган болсо, анда мамлекеттик сатып алуулар туруктуу болмок!
www.zakupki.gov.kg порталынын маалыматына ылайык, 2016-жылы Кыргызстанда 44 070 сатып алуу жүргөн, алардын суммасы пландалган 52 651 623 миң сомдун 43 520 318,5 миң сомун түзгөн.
Бюджетти үнөмдөө 9 млн сомдон ашуун каражатты түзгөн! Бул азыркы жыртык казынага карата абдан жакшы үнөмдөө!
Мисалды издеп алыска барбай эле коюу керек. Мисалы, кыргыз-орус «Электрофарфор» ЖЧКсы энергияны үнөмдөөчү фарфордон жасалган жылыткычтарды чыгарат, алар башка жылыткычтарга салыштырмалуу киловаттарды эки эсе үнөмдөйт. Электрофарфор мекеме ичинде 1–1,5 сатта жылуулукту камсыз кыла алат.
“Бирок тендерлерден биз утулуп калып жатабыз. Биздин жылыткычтар май куюлган жылыткычтардан кымбатыраак, себеби материалы абдан кымбат. Биздин жылыткычтар мекемедеги абаны кургатпай турганын жана сатып алганда корогон акчаны кайра бат эле актарын түшүнгөндөр аз. Бирок сатып алуучулар салыштырып көрүп кайра бизге келген учурлары деле болгон”,-дейт ишкананын жетекчиси Владимир Шипилов.
Тендерге катышкан ата мекендик ишканалар мамлекеттин өз өндүрүүчүлөрүнө кылган мамилесине нааразы болгон учурлар көп эле болот. Жыйынтык бирөө: туруктуу мамлекеттик сатып алуу үчүн саясий эрк жана каалоо керек.
Статистикага ылайык, мамлекеттик сатып алуулар Кыргызстандын бюджетинин 40%ын “жеп коёт”, ал эми мамлекет болсо рыноктогу эң ири сатып алуучулардын катарында. Эгерде мамлекет товарларга жана кызматтарга келгенде экологиялык жагын дагы карай турган болсо, анда биздин рынок кадам болгон сайын жылышка ээ болуп турмак, анткени сунуштан улам суроо-талап пайда болот эмеспи.
Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин укуктук экспертиза бөлүмүнүн адиси Эдил Кудайбергеновдун айтымында, экологиялык жактан таза (жашыл сатып алуулар) товарларды сатып алууга өтүү коопсуз келечекти камсыз кылат.
Бул маселе боюнча КМШ өлкөлөрүндөгү эксперт Елена Шадрина мамлекеттик сатып алууларда экологиялык жагына көңүл буруу көптөгөн социалдык маселелерди чечмек: ошондой эле өлкөдөгү чакан ишкерликке стимул бермек.
Алар Улуу Британияда, Кытайда, Японияда, Түштүк Америкада киргизилген. КМШ өлкөлөрүнүн ичинен — Беларусь, Молдова, Украина. Орусияда дагы туруктуу мамлекеттик сатып алууларды киргизүү үчүн куралдар иштелип чыгууда. Ал эми Борбордук Азия өлкөлөрүнүн бири дагы бул тизмеде жок.
“Туруктуу мамлекеттик сатып алууну киргизүү үчүн Кыргызстанда бардык шарттар бар. Бул азыркы мыйзамдар, жана туруктуу мамлекеттик сатып алууга тыюу салуунун жоктугу. “Мамлекеттик сатып алуулар” тууралуу мыйзамда негизги басым коррупциялык схемалардын жок болушуна жасалган. Ошондой эле бул мыйзамга ылайык, каражаттарды үнөмдөөдөн сырткары товарлардын коопсуздугуна, сапатына көңүл бурулат”,-дейт эксперт Лариса Кокарева.
2015-жылдын 11-июнунан тарта бардык мамлекеттик сатып алуулар электрондук форматта өтүп келет. 2017-жылдан тарта мамлекеттик сатып алуулар бекитилген смета (план) менен гана өткөрүлүп келет. Үнөмдөлгөн каражаттар болсо мамлекеттик бюджетке кайтарылып, бирдиктүү казыналык эсепте чогултулат.
Кыргызстан “кайрадан велосипед ойлоп табуусу” керек, себеби дүйнөлүк практикада иштелип чыккан туруктуу мамлекеттик сатып алуулар бар. Мыйзамга сатып алуудагы кошумча механизмдерди жана талаптарды киргизүү зарыл. 2016-жылда эле 3 миң 95 сатып алуучу уюм жана 13,5 миң тендерге катышуучу – бул өтө чоң армия. Тилекке каршы, учурда “жашыл уюмдар” тендерлерге жалпы негизде катышышат, аларга жеңилдик берүү зарыл. Бул бара-бара “жашыл адатты” пайда кылат, сатып алуучулар жана тендерге катышуучулар туруктуу мамлекеттик сатып алууга ыктап, каражатты жана ресурсту сактап калуу тууралуу ойлонуп башташат.
Мисалы, көпчүлүк учурда ишканалар унаа сатып алышат, алар бул ишкананын балансында болот. Андан соң бул техниканы жокко чыгаруу кыйын. Трансопрттук кызматты сатып алуу жакшыраак эмеспи? Же санап чыгуу керек: штатта пол жуугучту, эшик шыпыргычты кармаган жакшыбы же мындай кызматты сатып алган пайдалуубу?
“Туруктуу мамлекеттик сатып алуу системасын киргизүү үчүн окумуштуу болуунун деле кереги жок. Сатып алуулар боюнча билимдүү адистер керек. Туура түзүлгөн сатып алуулар уюмга максатына жетүүгө көмөкчү болот”,–дейт менеджер Рамиль Зиянгараев.
Мисал. Учурда имараттар салынат, андан соң ал жакка кондиционерлер орнотулат. Сатып алуучулар эмнеге дароо климаттык шарттар кандай болуусу керектигин айтпайт: мисалы кондиционер сатып алуу эмес, сапаттуу аба чөйрөсү болушун талап кылышпайт? Бул демек жайкысын салкын, кышкысын жылуу болушу керек дегендик.
Сатып алууда экологиялык жагына да көңүл буруу зарыл. Мисалы, мектептерге, бала бакчаларга азыктарды ташуучу унаалардын санитардык абалын жазуу шарт. Же бат бузулуучу азыктын таңгагынын көлөмү тууралуу ойлонуу зарыл. Мисалы, соктор чоң идиштерге куюлган фирма утту дейли, анткени бул арзан, бирок кичинекей балдар үчүн мынча чоң көлөмдөгү соктун эмне кереги бар?
Кыргызстанда тендерге катышуучуларга кайра иштетилген нерсени сатып алуу тууралуу талаптар жок. Бирок кеңсе үчүн 40% кайра иштетилген кагаз кошулган кагаз сатып алсак болот да. Бул баалуу болгон токойлорду сактап калмак.
Андан соң кагаз кайра иштетилип, окуучулардын дептерлери иштетилип чыкмак, мамлекетке керек болгон кеңсе кагаздары чыкмак, ал эми булар арзан болуп элге да пайдалуу болмок. Таштандыга алынып кеткен кагаздар азаймак, май үнөмдөлмөк, жалпылап айтканда экономикалык эффект жакшы болмок!
Айрым өлкөлөрдө макулатурадан жада калса эмеректерди жасашат, а эми эски китептерди жол курууга колдонушат экен!
Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу жакшы эмес жаман кабарларды угуп көнүп калганбыз. Бирок жаман кабарлардын агымында үмүт берген жакшылары дагы жок эмес.
Айрым ишкерлер Мамлекетти күтүп отурбастан өз алдынча туруктуу сатып алууларды киргизебашташкан.
Өлкөдө туруктуу мамлекеттик сатып алууну киргизүү ыкмалары жетиштүү.
Ирина Байрамукова