Министрдин айтымында, ички аудит системасында насыялык карыз боюнча, маянага байланыштуу жана мамлекеттик сатып алууда мыйзам бузуулар катталат.
Ушул жерден ички текшерүүлөр эффективдүү эмес экени жана бул биринчи кезекте ички аудитти мамлекеттик органдардагы жетекчилер колдобой, колдонбой жаткандыктан болуп жатканы түшүнүктүү. Бул ресурстардын жетишсиздигинен жана кызматтардагы адистердин бат-баттан алмашып туруусунан улам болууда.
ЭКОНОМИКАда мамлекеттик органдарды текшерүүнүн жыйынтыгына кызыкдар болбогон текшерүүчүлөр өтө көп болуп кетпейби деген суроо пайда болду. Эгерде жакшы, чынчыл аудитор болуп ал текшерип жаткан мекеменин жетишпеген жактарын көрө билсе жана аныктап чыкса аны сатып алууга аракет кылышат.
Жашырганда эмне мамлекеттик органдардагы кадрлар боюнча абал баарына эле белгилүү да. Аудитор кесибинин актуалдуу эместиги каражаттын жетишсиздигинин жана кадрлардын бир жерде кармалбастыгынын себеби эмеспи.
Мамлекет ачык жана айкын болгусу келип жатпайбы. Бирок кантип? Эгерде эч ким текшерүүнү каалабай жатса?!
Финансы министри ички аудит системасын өнүктүрүү үчүн нормативдик-укуктук базаны жакшыртуу керектигин айтты. Документте регламенттер болушу керек, башкача айтканда, ички текшерүүнүн чектери жана коркунучтарды башкаруу жазылышы абзел.
Бирок биз мамлекеттик органдар объективдүү баа берүү үчүн көз карандысыз аудитордук уюмдарга кайрылуусу керек деп ойлойбуз.
Бирок бул деле маселе чечилип калат дегендик эмес.
Убакыттын өтүшү менен мамлекеттик органдар ишенимге ээ болуп, эч кандай ички текшерүүлөрсүз эле өздөрү финансылык ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтарды окурмандарга таратып калат деген ишеничтебиз.