• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик бюджетке 2 млрд. 717 млн. сом түшкөн

👁 515

Кечээ, 15-майдагы Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Жогорку Кеңештин 2017-жылдын 7-декабрындагы №2078-VI «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигин башкаруунун натыйжалуулугу жөнүндө» токтомунун айрым пунктарынын аткарылышы талкууга алынып, Өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы Ринат Тулебердиев баяндама жасады.

Белгилүү болгондой Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду 58 акционердик коомдо акционер болуп эсептелет. 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик бюджетке 2 млрд. 717 млн. сом түшкөн. Ал эми 2018-жылдын төрт айынын эсеби боюнча 534,4 млн. сом болуп, жылдык пландын 11,3%ы аткарылды.

Фонддун төрагасы Ринат Тулебердиев Өкмөттүн “Ишеним, биримдик, жаратмандык” программасынын алкагында бир топ иштер жасалып жаткандыгына токтолуп, 2018–2020-жылдарга карата мамлекеттик мүлктү эффективдүү пайдалануу жаатындагы жасалуучу иштер тууралуу маалымат берди.
Эл өкүлдөрү мамлекеттик мүлктөрдүн жалпы базасын түзүп, алардын инвентаризациялоо маселесин чечүү керектигин кошумчалашты. Алсак, депутат Акылбек Жапаров маселенин чечилбей жатышы көп көйгөй жаратып жатканын белгилеп: “Негизги коррупциянын булагы эмне мүлкүбүз бар экендигин жана алардын наркын билбегенибизде болууда. Андыктан Өкмөт инвентаризациялоону тездетүүсү зарыл”, – деди.

Мындан тышкары комитет жыйынында мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө зарылчылыгы көтөрүлүп, фонддун карамагына алынган айрым объектилердин учурдагы абалы талкууланды.

Ошондой эле бүгүнкү жыйында бажы, чек ара жана салык жаатындагы маселелер боюнча атайын отуруп өткөрүү тууралуу да сөз болду.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости