• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Мамлекеттик мүлк фонду коррупциялык коркунуч боюнча анализ жүргүздү. Коррупцияны качан жоюшат?

patriotizm-flag

👁 695

Мамлекеттик мүлк фонду коомчулукка ведомствосунда коррупцияны жоюу боюнча кандай иш-чаралар жүргүзүлгөнү тууралуу отчет берди.

Бул иштер Кыргыз Республикасынын 2015–2017-жылдардагы коррупцияга каршы күрөшүү саясаты мамлекеттик стратегиясынын алкагында жүргүзүлдү.

Маммүлктүн отчетунда белгиленгендей, эксперттик жумушчу топ менен биргеликте 24 (!) коррупциялык коркунуч ачыкка чыккан. Алардын арасына негизгилери болуп мамлекеттик менчикти менчиктештирүү, кадр саясаты, мамлекеттик менчикти ижарага берүү, аукциондор жана инвентаризация боюнча маалыматтар кирген.

Башка ведомстволордун отчетторун карасак Мамлекеттик мүлк фонду ишти кечигүү менен жүргүзүүдө. 2 жыл ичинде Мамлекеттик мүлк фондунун ишине жөн гана анализ жүргүзүлүп, баа берилген.

Жумуш өтө созулуп кеткен жокпу?

Стратегия 2015–2017-жылдарга пландалган, ал эми анализ 2017-жылга жакын жүргүзүлгөн.

Мындай кечигүү кантип түшүндүрүлөт?

Балким Мамлекеттик мүлк фонду коррупциялык коркунучтар алдында туруп көп убакытты талап кылгандыр. Же эксперттик топ Маммүлк фондунун ишин анализдөөдө жаңылышып калдыбы?

Бирок негизги себеп Мамлекеттик мүлк фондундагы кадрлардын дайыма алмашып туруусуна барып такалат.

2015 жана 2016-жылдары Жогорку Кеңештин депутаттары Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчилерине дайыма сын айтып, Маммүлктүн ишин текшерүү үчүн комиссия түзү, натыйжада төрагасы иштен кеткени эсибизде.

Жалпылап айтканда дайыма текшерүү жана ызы-чуу болуп тургандыктан коррупцияга каршы күрөшүү саясаты мамлекеттик стратегиясы менен иштөөгө убакыт болгон эмес.

2017-жылы Президенттик шайлоо болорун эске алып Мамлекеттик мүлк фонду бийликтеги жана оппозициядагы саясий күчтөрдүн көз алдында болот десек жаңылышпайбыз. Ошондуктан коррупцияга каршы күрөшүү саясаты мамлекеттик стратегиясы боюнча иштөө дагы күмөн жаратат.

Эми эптеп иш алпарышты деген белги үчүн бизге отчет бериши мүмкүн, бирок иш жүзүндө бир нерсе өзгөрөрүнө көз жетпейт.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости