Эске сала кетсек, 2016-жылдын декабрь айында эле Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлгө алуу кызматынын башчысы Санжар Муканбетов 200–300 млн киреше алып келчү Мамлекеттик лотерея долбоорун түзүү сунушун айткан эле.
Ошол маалда парламент бул демилгени талкуулап гана тим болгон жана мамлекет кумар оюндардын бул түрүн өз колуна алышы керектиги айтылган. Референдум жакындап калгандыктан мыйзам чыгаруу менен алек болууга убакыт калбай калган эле.
Парламент казинолорго тыюу салууда кетирген каталарын эске алды. Бул кумар оюндарына тыюу салгандан кийин казинодон түшкөн салыктар жок болгондуктан өлкөнүн бюджетине бир топ каражат түшпөй калган.
Оюндардан көз каранды болгон ооруну (гэмблинг)» алкоголдуктан жана баңги затын колдонуудан дарылагандай эле комплекстүү жана системдүү чечүү керек. Бирок ал учурда эл өкүлдөрү жөнөкөй ыкманы табышкан –казиного тыюу салуу. Эми кезек лотереяга келди. Бирок депутаттар толугу менен тыюу салбай, монополия кылууну ойлонушканы жакшы болду.
Маселени чечүүдө башка жаңы идеялар депутаттарда жок. Интернеттеги оюндарга тыюу салуу мүмкүн эмес экенин мектеп окуучусу деле түшүнсө керек. Жада калса АКШда, Европада жана башка өнүккөн өлкөлөрдө тыюу сала албай келишет. Биздин депутаттар интернетке кирбей эле гезиттерди эле окуп отурушат окшойт. Бирок буга ишенүү кыйын.
Казиного тыюу салуунун тарыхына кайрадан кайрылалы. Кумар оюндарынын бул түрүнө этап менен тыюу салгандын ордуна жана Ысык-Көлдө оз Лас-Вегасыбызды кура элек жатып эле биз алгач тыюу салып койдук. Ошол эле учурда казиного кыргыз эле эмес орусиялык, казакстандык ондогон бизнесмендер каражаттарын салып койгон болчу.
Эми бизнес коомчулук айткандай эле казинодон түшкөн каражатсыз жана депутаттар убадалаган атайын оюн аймактарысыз калдык. Инвесторлор бизден кетип калышты.
ЭКОНОМИКА 2016-жылдын 1-декабрында жазган макаласында айтылгандай, лотерея ишине монополия кылуу логикага ылайык келет жана туура кадам. Казакстандан сырткары биздин коңшуларды баарында лотерея ишмердүүлүгү монополияланган. Эң башкысы биздин мамлекеттик машина жеткиликтүү, толеранттуу лотерея уюштуруп бере алса болду.
Ошондой эле таңууланбаган. Биз лотерея айрым учурларда мамлекеттик ишканаларга атайын таратылганын унута элекпиз.
Ал эми интернетте ойногон жаштар виртуалдуу лотереяны ойной беришмекчи. Эгерде жакшылап ойлонсо ал жакка тыюу салбай, “каттоого” алса болот. Бул үчүн мыйзам аркылуу мындай казинолорго жана лотереяларга өлкө аймагында каттосуна тыюу салып коюу жетиштүү. Бул кошумча киреше булагын пайда кылмак.
Бул эми башка кеп. Эл өкүлдөрүнүн оюна тыюу салуу гана келип турган маалда биз алдыга жыларыбызга күмөн бар.