Маалыматка караганда, көрсөтүлгөн сумманын ичинен:
- бюджеттик мекемелерде иштегендердин айлыгына 2 млрд. 601 млн. 285 миң сом,
- калкка социалдык көмөктөшүү боюнча жөлөк пул үчүн 648 млн. 695,2 миң сом,
- социалдык камсыздоо жөлөк пулга 3 млн. 620,4 миң сом,
- имарат жана курулуш беренеси боюнча 540 млн. сом. жумшалган.
Ал эми мамлекеттик карыз үчүн 1 млрд. 918 млн. 965 миң сом которулган.
Ички тышкы карыз үчүн январдан-апрелге чейин жалпы 11 млрд. 477,7 млн. сом сарпталган.