Эгерде биринчи механизмде карыз алуучу даяр турак-жай издөөсү керек болсо, мында мамлекеттик жана социалдык кызматкерлер жаңы үй куруу үчүн же башталган тамын бүтүрүү үчүн насыя ала алышат.
Программанын катышуучуларынан түшкөн сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен Мамлекеттик ипотекалык компания бул механизм боюнча талаптарды өзгөрттү:
–турак жайдын даярдуулук пайызы боюнча чектөө алынып салынды;
–толук бүткөрүлө элек турак жайдын курулушуна кеткен сарптоолор өздүк салымды эсептөөдө эсепке алынат;
–техникалык көзөмөлдөө талабы алынып салынды.
Бул өзгөртүүлөр 2017-жылдын 1-февралынан тартып күчүнө кирген.
Бул механизм боюнча шарттар жана талаптар тууралуу кененирээк маалымат алууга кызыккандар МИКтин расмий сайтынан www.gik.kg “Зайымчыларга” — “Жеке турак жайды куруу” механизми бөлүгүнөн тааныша алышат.