Үй алганга караганда, мамипотекадан баш тарткандарын саны эки эсе көп экенин белиглеген депутат Рыскелди Момбеков программа “арзан турак-жай эмес эле, арман турак-жай, жеткиликтүү эмес, жеткиликсиз турак-жай” болуп калганын айтып кейиди.
“Адамдар баш тартып атат, а банктар программадан баш тартпаптыр. Демек, аларга пайда бар. Мамлекеттик банктар аркылуу пайызды арзандатып, ипотеканы элге жеткиликтүү кылса болмок”, — деди депутат.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков аз убакытта 500дөн ашык адам үйлүү болгону жакшы көрүнүш экенин айтып, алдыда программанын шарттарын жеңилдетүүгө иш-аракеттер жасалаарын айтты.