убакыт болду. Компания «Ыўгайлуу турак-жай 2015−2020» программасын иштеп чыгып, анын негизинде социалдык сферадагы, аскердик, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди турак-жай менен камсыздоо ишин башталган.
Мамлекеттик масштабдагы программа їчїн бул єтє эле аз убакыт. Биринчиден, учурда кошумча каржы булагын издєє иштери жїрїїдє. Кєптєгєн укуктук, каржылык жана админстративдик механизмдер иштелип, тїздєлїп чыгууда.
Тактап айтканда арыз жазгандардын 8 пайызы гана кредит алышкан. Компания єзї билдиргендей, 2 миўден ашуун арыз менен кайрылган адамдар банкка кайрылыша элек. Алар менен байланыш жок, башкача айтканда катышуудан баш тартышкан.
Мисалга алсак, айлыктын кєзїн караган мамлекеттик кызматкерлер «менин жашай турган жайым бар, бирок дагы бир тамдуу болуп калсам да ажеп эмес» деп жєн гана арыз жазып койгондор болгон. Бирок бул программа жашай турган тамы жок, єтє зарылган адамдарга, айлыгы 20 миў сомго да жетпеген мамлекеттик кызматкерлерге багытталган.
Биздин байкообуз боюнча мамлекеттик ипотекалык компания эл менен толук баарлашып, жеткиликтїї маалымат беришпегендей. Компания массалык маалымат каражаттары аркылуу элге чыгып жаткандай, бирок программа боюнча карапайым калктын тїшїнїгї аз.
Айлыктын кєзїн караган мамлекеттик кызматкерлердин кєпчїлїгї мамлекеттик ипотекалык компания кредит берет деген ойдо. Компания ишин бир аз катачылык менен баштап алганы да бар. Бюджетте иштегендерге оорчулук келтире турган алардын талаптары аткарылбай жаткан єндїї.
«Айыл банк» жана «РСК» банктары компаниянын башкы єнєктєштєрї болуп эсептелет. Аталган эки банк 10 миў сом алган мугалимге максималдуу тїрдє 300 миў сом бере алышат. Ал эми башка банктардын талаптары аталган эки банкка караганда жогору. Анан кантип «Ыўгайлуу турак-жай » программасынын кардары болууга мїмкїн деген суроо туулат?
Жогорудагыдай айлык менен мугалимдер коммерциялык банктардан кредит да жана компаниядан там да ала албасы турган иш. Бирден бир дагы жолу кредит алууда ортомчу адамдын жардамын колдонуу. Бирок арыз жазуучулардын кєпчїлїгї социалдык тармактарда ортомчулукка бир туугандар да макул болбой жатканын айтып наалышууда. Бул нерсенин да жєнї бар. Ким эле 5 жылдан 15 жылга чейинки кредит тєлєєнї єз мойнуна милдет кылып алсын?
Компаниянын єткєн айда берген маалыматы боюнча, кредит алгандардын дээрлик кєпчїлїгї Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Кєл жана Нарын облустарында жашайт. Бирок мамлекеттин кєзїн караган бюджетниктердин басымдуу бєлїгї Бишкек шаарында жашап, иштээри анык. Ал эми программанын талабы боюнча турак-жайдын баасы шаардык мамлекеттик кызматкерлерге туура келбейт.
Ошондуктан программа толук иштелип бїтє электе кайрадан толуктоолорду жана єзгєртїїлєрдї киргизїї керек. Ал эми программага оўой эмес каражат бєлїнгєн жана бир топ эмгек жумшалган. Ошого жараша карапайым калкка да ыўгайлуу болушу керек.
Там алам деген арыз жазуучулардан да кєптєгєн нааразычылыктар болууда. Мисалы, шаардык жана айылдык каттоо, арыз алуу маселеси боюнча маселелер жаралып жатканын айтышууда. Катышуучулар 21 жаштан 65 жашка чейинки КРнын жарандары болушу шарт.
ЭКОНОМИКА «Ынгайлуу турак-жай 2015−2020» программасы жана мамлекеттик ипотекалык компаниясы боюнча материал топтоодо. Суроо, сунуш-пикириўиздер болсо байланышыўыздар. Компаниянын жасап жаткан иштери жана курч суроолорго жакынкы кїндєрдє жооп алып беребиз. Биздин «Экономика» гезитинен кабардар болосуздар.
Жазнура ТОКТОБОЛОТОВА