2-октябрда кол коюлган мыйзамга ылайык, эки өлкө ортосундагы 1170 чакырымга созулган чек ара такталды.
Чек аранын 85 пайызын делимитациялоо боюнча макулдашууга 5-сентябрда Мирзиёев Кыргызстанга келгенде кол коюлган. Кыргыз парламенти бул макулдашууну 28-сентябрда ратификациялады. Ал эми талаш аймак болуп Кыргызстандын аймагындагы Сох жана Шахимардан өзбек эксклавдары жана Өзбекстандын аймагындагы Барак кыргыз эксклавы саналат.
Муну менен катар эле Жалал-Абад облусундагы Ноокен районундагы кыргыз-өзбек чек арасындагы «Маданият» көзөмөл өткөрүү бекетин ачуу пландалууда.
Эки коңшу өлкөнүн тургундары чек аранын ачылуусун күтүшүүдө. Анын ачылыш аземине Кыргыз жана Өзбек бийлик өкүлдөрү катышары айтылууда.
Бул көзөмөл өткөрүү бекети 2004-жылы ачылган, бирок 2016-жылы өзбек тарап бир тараптуу жапкан болчу.