МБК мамлекеттик органдардын арасында кызматтык иш чараларга мамлекеттик каражатты сарптоо боюнча рекордсмендердин бири болуп саналат, мисалы, быйылкы жылы бажычылар 21 млн. сомдон ашык бюджеттик каражатты командировкага – транспорт, мейманкана, комадировка төлөмүнө сарпташкан.
Дээрлик 6 миллион сом телефон, почта жана уюлдук байланыш кызматтарына жумшалган. МБКнын маалыматтык-коммуникациялык кызматына 56 миллион сом жумшалган. Ал эми бажынын эл аралык уюмдарга мүчөлүк төлөмдөрүнө 1,8 млн. сом бөлүнгөн.
Бензин, дизел жана башка отундар менен күйүүчү майлар үчүн МБНнын чыгымдарын төлөөгө 11,3 миллион сом берилген.
Аталышы | Бюджеттик каражаттар | Атайын каражаттар |
Маяна | 377 646,22 | 54 041,04 |
Взностор жана Социалдык фонд | 2 926,36 | 2 107,91 |
Кызматтык сапарларга чыгымдар | 21 149,56 | 3 218,99 |
Байланыш кызматы | 5 826,38 | - |
Ижара төлөмү | 2 493,29 | - |
Транспорт кызматы | 12 957,65 | 80,32 |
Ар кандай товар жана кызматтарга жумшалган акча | 62 039,56 | 4 151,91 |
Медикамент жана медициналык багыттагы буюмдарды сатып алуу | 87,06 | - |
Азык-түлүктөрдү сатып алуу | - | 52 514,49 |
Мүлктөрдү утурумдук оңдоого жумшалган чыгымдар | 489,36 | - |
Учурдагы чарбалык максаттарга предмет жана материалдарды сатып алуу | 7 393,39 | 210,50 |
Кийим-кечелерди тигүү, башка формалык жана атайын кийимдерди сатып алуу | 5 954,55 | - |
Көмүр жана башка отундардын түрлөрүн алуу | 1 633,86 | - |
Күзөт кызматын колдонуу | 306,12 | - |
Суу акысын төлөө | 4 828,58 | 441,02 |
Ар кайсы коммуналдык кызматтарга төлөмдөр | 56,87 | - |
Эл аралык уюмдарга утурумдук гранттар | 1 808,26 | - |
Имараттар жана жабдыктар | 3 073,44 | - |
Машиналар жана жабдыктар | 3 501,91 | - |
Жыйынтыгы: | 514 172,40 | 116 766,18 |
КРнын Каржы министрлигинин «Ачык бюджет» порталынын маалыматтары пайдаланылды.