• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Мамлекеттик баалуу кагаздарды күрөө катары пайдалануу сунушталууда

img_0928

👁 901

15-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорунун концепциясы каралды. Демилгечилер – Жогорку Кеңештин депутаттары Акылбек Жапаров, Азамат Арапбаев.

Демилгечилердин бири депутат Акылбек Жапаровдун айтымында, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарынын жагымдуулугун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын экономикасын жеңилдетилген каржылоонун долбоорлорун жана программаларын ишке ашыруу максатында Евразиялык экономикалык бирликтин (ЕАЭБ) алкагында башка мамлекеттер менен бирдикте Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлүүчү эл аралык уюмдардын каражаттарын пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу максатында иштелип чыккан.

Мыйзам долбоору төмөнкү жаңы мүмкүнчүлүктөрдү болжолдойт:

- КР Улуттук банкы тарабынан ЕАЭБдин алкагында Кыргызстан тарабынан башка мамлекеттер менен биргеликте түзүлүүчү эл аралык уюмдарга, Кыргыз Республикасынын экономикасын женилдетилген каржылоонун долбоорлорун жана программаларын ишке ашыруу боюнча акча каражаттарын улуттук валютада төлөмдүүлүк, мөөнөттүүлүк, кайтарымдуулук шарттарында чет өлкө валютасы менен гана эмес, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары менен камсыз кылуу алдында КРУБ берүү мүмкүнчүлүгүн болжолдонот.

Аракеттеги мыйзамга сунуш кылынган өзгөртүүлөр төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө мүмкүндүк берет:

  • Кыргыз Республикасынын экономикасын долларсыздаштырууга;
  • Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын пайдаланууга;
  • ЕАЭБдин алкагында башка мамлекеттер менен бирдикте Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлүүчү эл аралык уюмдарга Кыргыз Республикасынын экономикасын жеңилдетилген каржылоонун алар жүзөгө ашырып жаткан долбоорлору жана программалары боюнча, Кыргыз Республикасынын экономикасын жеңилдетилген каржылоонун долбоорлорун жана программаларын алар тарабынан сомдук кредиттөөнү жүзөгө ашыруу бөлүгүндө финансылык ресурстарды жана инвестицияларды тартуу боюнча КР Өкмөтүнүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө мүмкүндүк түзүлөт.
Талкууда бир катар депутаттар мыйзам долбоорун колдоого алып, Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан насыя алуу өтө татаал экенин, жер-жерлердеги шайлоочулар койгон маселе дагы ушундай экенин КР Өкмөтүнө багытташты.

Мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости