Башкасын айтпасак да кошуна мамлекеттерибиз менен салыштырсак асман менен жердей айырма бар. Союздун урашы менен баягы жыргал жашоо бүтүп, көп эл оор абалга туш болушту. Баягы жыргал жашоо бүтүп, тозок жашоого жол ачылды. Мамлекет кыйратаарлык кам көрө албай, чабалдыгын көрсөтүп келүүдө..
Асаналиева Айсана, Талас районун Жон-Арык айылынын тургуну;
«Үлүш жериң же шалдыраган эски машинең болсо жөлөк пул берүүдөн баш тартышат»
- Менин беш балам балам бар. Жөлөк пул алууга канча аракеттенбедим. Бирок алалбай келем. Үлүш жериңер бар экен деп эле кайра үйгө кайтарышат. Мага окшогон бирине тартса бирине жетпей кыйналган канча үй-бүлөлөр балдарына жөлөк пул ала алышпайт.
Кошуна өлкөлөрдө кичинекей ымыркайы менен кантип иштөөнүн айласын таппай кыйналгандар жокко эсе. А бизде жок жердеги шылтоолорду айтып чыгышат. Шалдырап сөөгү калган машинең болсо аны да дүнүйө катары эсептешет. Айтор жөлөк пул алуу тозоктун тозогу. Бул мыйзам ким тарабынан иштелип чыкканы мени кызыктырат.
Сыдыкова Жазгүл,Свердлов райондук социалдык башкармалыктын жетектөөчү адиси:
«Бизге кайрылган үй-бүлөлөрдүн жашоо жагдайын байкап жөлөк пул чектейбиз»
- Биз бул башкармалыкта балдарга жөлөк пул чектейбиз. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-декабрынын «Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» № 318-Мыйзамына ылайык, балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпул үй-бүлөнүн кирешесине жараша чектелет.
Бул өкмөттүн талабы. Эгиз балдар 900сомго чейин алат. Башка 16-жашка чейинки балдардын баарына бирдей өлчөмдө 810сомдон алышат. Жөлөк пул жашаган жер боюнча чектелет. Азыркы учурдагы ички миграцияга байланыштуу көп үй-бүлөлөр алыскы район, айылдарда катталышкан.
Ошол адамдын каттоосу Ош, Нарын ж.б аймактарда болсо, бирок биздин райондо жашаса биз карайбыз. Ал үчүн каттоосу турган жерден жөлөк пул албайт деген маалымдаманын негизинде бул жерден жөлөк пул чектейбиз. Убактылуу каттонун мөөнөтү бүткөнчө 3айдан 6айга чейин берилет.
Убактылуу каттоодо тургандар 6ай сайын документтерин жаңыртып туруулары зарыл. Алар биринчи салык инспекциясынан карызы мүлкү тууралуу справка алуулары керек. Иш менен камсыздандыруучу мекемелерден ата-энеси иштебейт деген справка керектелет.
Анан жашоо шарттарын барып көрүп жөлөк пул чектейбиз. Көпчүлүк үй-бүлөлөрдүн турмуш жагдайын көргөнү барсак килтейген дүкөнү же башка ишкердиги бар болот. Биз алардын жашоо жагдайын байкап жөлөк пул берүүдөн баш тартканда өкмөттүн акчасынын эмнесин айайсыңар деп урушуп кетишет.
Биз чындап эле кыйналып, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө өзүбүз деле жөлөк пулду чектеп берүүгө болгон аракетибизди көрөбүз. Үй-бүлөдө мынча бала болсун деген талап коюлбайт.
Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга 18жашка чейин деп 3миң сомдон жөлөк пул чектеп беребиз.
1-топтогу мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга 3миң болсо, 2-топтогуларга 2500, 3-топтогуларга 2000сом жөлөк пул чектелет.
Жөлөк пул алуу үчүн келгендерди каттап алабыз. Биздин райондо катталган бирок башка райондо жашагандарга берилбейт.
Жөлөк пул алууга кандай документтер керектелет?
Мамлекеттик жөлөкпул алуу үчүн кайрылган адам төмөнкүдөй зарыл документтерди тапшырат:
— үй-бүлөсүнүн жыйынды кирешеси жөнүндө маалыматты;
— үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалым катты жана кошумча документтер балдардын туулгандыгы тууралуу, нике тууралуу күбөлүктөрдүн көчүрмөлөрү, жашаган жеринен, калкты ишке орноштуруу органдарынан маалымкаттар тапшырылат.
Үмөталиев Сагын, Аксы районун Дейрес айылынын тургуну:
«Ата-эненин пенсиясы бир үй-бүлөнү бага турган каражат эмес»
- Мен мугалим болуп 29жыл эмгектендим. Алгач пенсияга чыккан жылы 3200сом алчумун. Азыр кошулуп отуруп 5миң сом алам. Негизинен пенсиянын көлөмү өтө төмөн. Жөлөк пул маселеси түштүк облустарында өтө чатак.
Мисалы ата-энеси менен кошо жашаган уул-келин балдарына жөлөк пул алышпайт. Улүш жери болсо бербейт. Атасы менен энеси өмүр бою иштеп пенсияга чыкты. Ата-эненин пенсиясы ошол үйдү багууга берилбейт. Үй-бүлөнү камсыз кылып бага турган каражат эмес.
Ошол карыган кемпир –чалдын баскан турганына, дары-дармегине берилген каражат. Бул мамлекеттин чабалдыгынанбы айтор жөлөк пул маселесинд өтө олуттуу көйгөйлөр бар. Учурда биздин айылда Өзбекстандан, Тажикстандан көчүп келген кыргыздар эки жылдап пенсияларын күтүп алалбай отурушат.
Үлүш жерлери жок. Иштеген иштери жок. Паспорттору жок. Балдары бир жака барып иштеп келейин десе жарандыктары жок. Жарандык алууга документ жөнөтүп үч жылдан бери алалбай жүргөндөр бар. Аябай кыйын болуп жатат. Пенсияны, жөлөк пулду көтөрүп жиберүү жакын арада ишке аша турган иш эмес.
Эң жогорку пенсиянын өлчөмү 100миң сомду түзөт.
Республикалык социалдык фонддун өкүлү Теңизбек Абжапародун маалыматына таянсак өлкөбүз боюнча 614миң пенсия алган кары адамдарыбыз бар.
2017-жылы эң жогорку пенсиянын өлчөмү 100миң сомду түзүүдө. Бул пенсияны мамлекеттик жана аскердик кызматтарда эмгектенип кеткендер алышат.
Орточо пенсия өлчөмү 5миң 150сом.
Эң төмөнкү пенсия өлчөмү 1800сом.
Тоолуу райондордо жашаган карылар үчүн 254сом компенсация катары төлөнөт.
2017-жылдагы пенсия алуучулар үчүн 17млрд 522 млн сом республикалык бюджетте каралган.
2017-жылдын октябрь айында пенсияга дагы 400сом кошулаары пландалууда.
Ар бир жылы 400–500сом пенсияга акча кошулуп турганына карабай Кыргызстан пенсиянын көлөмү жагынан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен акыркы орунда турат.
Башка өлкөлөрдө пенсияга кайсы куракта чыгышат жана канча акча төлөнөт
АКШда пенсия курагы 65–67 жаш. Орточо пенсия 1164$ түзөт.
Эгерде адам өмүрүндө мекен үчүн иштебесе, мамлекетти өнүктүрүүдө эч салымын кошпосо, ага 300$ пенсия берилет. Стажы бар болсо 600$, ал эми мамлекеттик жана аскер адамдарына 2,3 миң $ пенсия берилет.
Германия өлкөсүн карай турган болсок: пенсия курагы 65 жаш. Орто пенсия 810€эвро
Орусия мамлекетинде эркектер 60 жаш, аялдар 55 жаш курагында пенсияга чыга алышат. Дүйнө жүзүндөгү эң эрте пенсияга чыга тургандай шарт түзүп берген өлкө болуп саналат. Орточо пенсия 223$ түзөт.
Японияда 62 жаш. Орточо пенсия 715$. Бул өлкөдө пенсия системасынын башкалардан өзгөчөлүгү – пенсияга 60 жашта чыкса болот, бирок 25% аз алат. 70 жашта чыкса 25% кошулат.
Кыргызстанда эркектер 63 жаш, аялдар 58 жашта чыга алышат. Орточо пенсия 70$.
Мына жогорудагы мамлекеттер менен салыштырсак, 70$ эч нерсе келбейт жана эч нерсеге жетпейт. Айла жоктон адамдар нан менен чай ичип жашап келе жатышат.
Жогорудагы мамлекеттин жарандары жылына бир жолу эс алганга башка мамлекеттерге барышат. Акчалары саякаттаганга жетет. Ал эми биздин пенсионерлерди карасаң, кадимкидей кейийсиң. Саякаттоону айтпай эле койолу дарыларына жетпейт.
Жада калса пенсияларын өз убактарында ала алышпай, ар кимдин эшигин барып каккылашат. Биздин жагдайыбыз ушундай.
Даярдаган Жамиля НУРМАНБЕТОВА