Бирок, 2016-жылдын 23-сентябрында «Республика Ата-Журт» фракциясынын жыйынында Д.Зилзалаев депутаттарга концентраттарды алып чыгуу өлкөдө чийки затты кайра иштетүү кымбат болуп жаткандыгына байланыштуу болуп жатканын билдирген эле.
Талды-Булак Сол Жээк алтын кени комбинат курулса дагы өлкөдөн азыркыга чейин концентратты алып чыгып жатканы белгилүү болду. Кептин баары Доре эритмесин алуу технологиясынын иштелип чыкпаганында.
Бул маселе көптөн бери эле Жогорку Кеңештин депутаттарына тынчтык бербей келет. Ошондуктан алар концентратты алып чыгууга анын өздүк баасынан 30%дан кем эмес салык киргизүү керектигин айтып келишет.
Депутаттар кытайлардын ишинен бир кынтык табышкан окшойт. Ал эми «Кыргызалтын» ААКсынын төрагасы Алмаз Алимбеков “Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасы Талды-Булак Сол Жээк алтын кенинде Доре эритмесин алуу үчүн орусиялык жана казакстандык компанияларга кайрылышканын билдирди.
Кытай компанияларынын өкүлдөрү болсо буга байланыштуу актанып келишет. Алар: “Учурда «Алтынкен» ишканасындагы тоо-металлургия комбинатынын курулушу бүткөн соң ишти баштоо жана жөнгө салуу жүрүп жатат”- дешти.
Буга байланыштуу алына турган флотоконцентратта алтын менен кошо жез чыкканы алтынды алуу мүмкүнчүлүгүн төмөндөтөт дагы реагентти жогорулатат, анын ичинде баалуу цианиддердин чыгымы дагы бар.
Башкача айтканда, башка концентратты иштетүүчү фабрика курулуптур, ал эми бизде бар болгон концентратты иштетсек, бул абдан кымбатка турат.
Бул жерде натыйжа фабриканы 5 жыл (!!!) оңдоп-түзөөдөн кийин болгон. Башкача айтканда, ал 2011-жылы курулган. Бирок Доре эритменин курамында 55 %га жакын таза алтын жана күмүш болгон. Баалуу металддын жарымы эле калдык сактоочу жайларга кетип турган.
Жл өкүлдөрүнүн кытайлыктардын дарегине айткан сыны канчалык чындык болбосун күнөө тагууда абайлоо керек. Иштамберди кенинин мисалы көрсөткөндөй, фабриканы ишке киргизүү анын иштеп баштагандыгынан кабар бербейт. Балким аны ишке киргизүүгө дагы 5 жыл керек. Ал эми биз болсо Талды-Булак Сол Жээкткен дароо Доре эритмесин алууну каалап жатабыз.
Өнөр-жай, энергетика жана кен иштетүү Мамкомитети чийки затты чет жакка алып чыгууда толлинг процедурасын киргизүүнү пландап жатат. Анда чийки затты алып чыгууда сөзсүз түрдө кайра даяр өнүм, башкача айтканда алтын Кыргызстанга алынып келиниши керек.
Толлинг чийки затка бай болгон Орусияда аябай белгилүү. Бирок көпчүлүк ишканалар чет жактардан дагы чийки заттарды алып киришет. Өзгөчө алюминий жана жеңил өнөр-жай ишканаларында көп колдонулат. Мындай схемада чет элдик агенттер Орусияга чийки заттарды алып кирип, даяр өнүмду алып кетишет, ал эми жергиликтүү заводдор кайра иштетүү кызматтарын көрсөтүшүп, киреше табышат дагы андан салык төлөшөт. Бул жерде алюминий заводуна алынып келинген чийки заттар жана аны кайра иштетүүгө керек болгон нерселерге салык салынбайт.
Эгерде бул механизмди Кыргызстанда колдонууну кааласак , алгач дүйнөлүк практиканы жакшылап иликтеп чыгуу керек. Себеби кытай жана чет элдик компаниялар бул тууралуу абдан жакшы билишет.