• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Мамлекет Кыргызстанда сатылып жаткан көмүрдүн баасын көзөмөлдөйбү?

ugol-razrez-kara-keche

👁 599

Жылытуу сезону башталгандан баштап эле жергиликтүү калк көмүргө жана отунга канча каражат керектигин санай баштайт.

Суук түшөөрү менен көмүргө болгон баа жогорулай баштайт. Көпчүлүк үй-бүлөлөр көмүрдү КАМАЗдап ала алышпагандыктан аны каптап ала башташат.

ЭКОНОМИКАнын редакциясы шаардагы жаңы конуштардын жашоочуларынан көмүргө болгон баа жана анын үй-бүлөлүк бюджетке тийгизген таасири жана мамлекет бааны көзөмөлгө алып жатаабы же жокпу билип көрдү.

Арман, 46 жашта, маршруттук унаа айдайт.

Эч нерсе сезилбей эле! Баалар жыл өткөн сайын өсүп жатат! Мен түн бир оокумга чейин иштейм, жумушум бүткөндө 4 кап көмүр алам, бул 2 жумага жетет.

Гүлзат, 2 баланын энеси, үй кожейкеси.

Менин күйөм Орусияда иштейт, өзүбүз Нарындан келгенбиз. Көмүр кымбат. Балдарым кичинекей. Улуу балам менен жумасына 2 кап көмүрдү араба менен сүйрөп келебиз. Мамлекет кандай? Эч кандай! Мурунку айда көмүрдүн бир кабы 220 сом болчу, азыр 260 сом болуп кетти.

Жыргал, студент.

Ижарага үй алып досум экөөбүз жашайбыз. Кээде от деле жакпай коебуз, акча жок. Досторубуздукуна барып түнөп келебиз. Бир жолу көмүр сатып алганбыз. 500 сомго 2 кап алганбыз. Бир айга араң жеткирдик. Кыйын эле. Ата-энелерибизден акча сурагыбыз келбейт, алар деле өздөрү араң жашап жатышат. Өзүм Кадамжайдан болом.

Демек мамлекет бааны эч кандай көзөмөлгө албайт жана көпчүлүк жашоочулардын чөнтөгүнө баалар өз кедергесин тийгизип жатат.

Шаар чекелеринде көмүр саткандардан бааларды дагы бир жолу тактап көрдүк.

Бир унаа отун −4000−5000 сом:

Көмүр – 8000ге жетет.

Студенттер албетте, бул бааны көтөрө алышпайт, ал эми мигранттардын үй-бүлөсү эптеп жашап жаткан учуру экен. Ал эми иштеп жаткандардыкы кичине жеңилирээк десек болчудай.

Жергиликтүү элге көмүр жеткирүү боюнча бир топ эле сүйлөшүүлөр болуп келет, бирок маселе тиешелүү көзөмөлдүн жоктугунан чечилбей келет. Мамлекет баардык көмүр саткан жайларды көзөмөлгө алуу үчүн физикалык жактан жетишпей калат экен.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости